AUCA the best 2

2024-05-16

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Авиабилеттердин баасын арзандатуу аракетинен майнап чыга элек

Авиабилеттердин баасын арзандатуу аракетинен азырынча майнап чыга элек.

-0-0--0nfcghmc.jpg

Финансы полициясы авиабилеттердин баасын негизсиз кымбаттаткан фактыларды аныктоо иштерин жүргүзө баштады. Мекеменин маалыматына караганда, учурда авиабилеттердин баасынын негизсиз көтөрүлүп кетиши иликтенүүдө. Териштирүү алкагында, Финполдун кызматкерлери Бишкек шаарындагы авиакассалардын биринен Бишкек-Москва багыты боюнча 67 миң 800 сомдук авиабилетти сатып алып, байкоо жүргүзгөн. Учурда суроо-талап көп болгондуктан, авиабилеттердин наркы мыйзамсыз жогорулатылганы аныкталганын билдирди Финполдун маалымат катчысы Анастация Пискур.

«Финансы полициясы авиабилеттердин баасынын негизсиз көтөрүлүп кетишин аныктоо иштерин жүргүзүп жатат. Кызматкерлер Бишкек шаарындагы авиакассалардын биринен Бишкек-Москва багыты боюнча 67 800 сом суммасындагы авиабилетти текшерүү үчүн сатып алууну жүргүзүштү. Анда учуунун наркы туроператор тарабынан жасалма жол менен көтөрүлгөнү аныкталды. Ал суроо-талаптын көбөйгөнүнөн пайдаланып, авиабилеттердин наркын мыйзамсыз кымбаттаткан. Азыркы убакта республика боюнча ушул сыяктуу фактыларды аныктоо иштери жүрүп жатат».

Орусияга болгон учак авиабилеттери кескин кымбаттаганы январь айынын башында байкалган. Бишкек-Москва каттамындагы бир авиабилеттин баасы 60 миң сомго чейин сатылган. Буга кошо аталган өлкөгө кирүү үчүн «негиздеме» да талап кылынып жатканы айтылган. Ал документти жасатуу үчүн да 15-20 миң сомго чейин акча алынып турганы белгилүү болгон.

Мисалга алсак, документ боюнча үй-бүлө мүчөсү Орусиянын жараны болсо, дарыланууга жана дипломатиялык сапарга баратканы жазылат. Ал эми авиакассалар «негиздемеге» көбүнчө «дарыланууга баратат» деп жазып беришет. Бирок, миграция кызматы «негиздеме» менен Орусияда эң узагы 90 күн гана жүрүүгө болорун эскертишүүдө.

Жарандык авиация агенттигинин мурдагы директору Курманбек Акышев билетке бааны авиакомпаниялар өздөрү коёорун жана атаандаштык болгондо гана арзандатуу иштери жүрөрүн белгилейт.

«Бул билеттердин баасын авиакомпаниялар коюшат, өздөрү чечишет. Бааларды төмөндөтүү үчүн бир эле нерсе керек болот, ал — атаандаштык. Атаандаштык жогорулагандан кийин гана баалар төмөндөйт. Азыркы учурда түз каттам жумасына бир ирет эле болуп жатпайбы, эгер бул көбөйсө гана баалар төмөндөшү күтүлөт».

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Орусиянын чек аралары 2020-жылдын март айынан бери жабык. Кийин өкмөттүк деңгээлде Бишкек менен Оштон Москвага жумасына эки ирет аба каттамын жүргүзүү макулдашылган. Учурда Бишкек-Москва түз каттамы жумасына бир ирет учат. Анда «негиздеме» талап кылынбайт. Бишкектен учууну каалаган кыргызстандыктар жума күнү «Аэрофлот» жана «Авиа Траффик» компаниясынын учактары менен Москвага жете алат. Ал эми Оштон учкан чартердик каттамдар «негиздеме» талап кылат.

Maral

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2