Бүгүнтөн тарта өлкөгө авиатранспорт аркылуу келген КР жарандарынын ПЧР-анализи болуусу милдеттүү

2021-жылдын 23-январынан тарта өлкөгө авиатранспорт аркылуу келген Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн акыркы 72 саат ичиндеги ПЧР-анализи терс чыккан маалымдамалары болушу милдеттүү.
Кыргызстанда жаңы кыргыз-корей ботаникалык бакчасы ачылат

Кыргыз-корей кызматташтыгынын алкагында Кыргызстанда ботаникалык бакча ачылат. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Новиков: Өкмөт бюджеттик саясаттын жаңы концепциясын ишке киргизүүдө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2020-жылдын финансы-экономикалык көйгөйлөрүнөн сабак алуу менен бюджеттик саясаттын жаңы концепциясын ишке киргизүүдө. Бул туурасында премьер-министрдин жана биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков бюджеттин, 2021-жылдын январь айына болжолдуу көрсөткүчтөрдүн аткарылышы, ошондой эле бюджеттик саясаттагы жаңы кадамдарды киргизүү маселеси боюнча кеңешменин жүрүшүндө билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жаңы шайланган Президент Садыр Жапаров инаугурацияны уюштуруу маселелерине комментарий берди

Молдомуса Конгантиевдин жубайынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтуу

Кытай Кыргызстандын жарандары үчүн 18 мамлекеттик стипендия бөлдү

Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларында бакалавриат, магистратура, докторантура жана кытай тил такшалмасында окуу боюнча конкурс жарыяланат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Ош шаарында биринчи муниципалдык унаа токтотуучу жай курулду

Ош шаарында биринчи муниципалдык унаа токтотуучу жай курулду, - деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.






