2025-07-04
Студенттер февралдан тарта кадимки режимде окушат

Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын студенттери февраль айынан тарта кадимки тартипте окуу режимине өтөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров маалымат жыйында кабарлады.
Улуттук тарых музейинин качан ачылары айтылды

Улуттук тарых музейинин ачылуусуна бир канча факторлор таасир этүүдө. Мындай пикирин Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Илязбек Балташев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.
Шайлоо жана референдумдун 11-январга карата жыйынтыктары

Кыргызстанда 11-январга карата бардык автоматтык эсептөөчү урналардагы жыйынтыктар 98 пайыз эсептелди. Кол менен эсептөө да аяктады. Чет жактагы шайлоо тилкелеринен жыйынтыктар келип жатат.
Кол менен саноо. Садыр Жапаров 83,92% менен биринчи орунда

Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоонун алдын ала кол менен саноодо 83,92% менен Садыр Жапаров алдыда келе жатат. Бул тууралуу БШКнын сайтында көрсөтүлгөн.
Мьянма – Кыргызстан беттешинин белгиленген убактысы жана кайда өтө тургандыгы анык болду

2022-Дүйнө чемпионатынын тандап алуу раундундагы Мьянма - Кыргызстан беттеши 30-мартта Мандалай шаарында өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунун фейсбуктагы баракчасында жарыяланды.
Референдум: Президенттик башкаруу формасы 81,51%га ээ болду

Кыргызстанда башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум аяктап, алдын ала жыйынтыгы чыга баштады.
ИИМ башчысы: Өлкө аймагында кырдаал туруктуу, одоно тартип бузуулар орун алган жок

Шайлоо тилкелеринде кырдаал туруктуу, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөнү улантууда. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков брифингде билдирди.