2025-07-04
COVID-19. Англияда кайрадан жалпы улуттук карантин киргизилди

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон дүйшөмбү күнү кечинде Англия аймагында жалпы улуттук карантин жарыялады. Соңку апталарда өлкөдө коронавирус жуктургандар кескин көбөйүп кетти.
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 988 млн куб метрди түздү

Бүгүн, 6-январда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 988 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.
Тажикстандын айылдарында электр энергиясын колдонууга чектөө киргизилди

Тажикстандын айылдарында 5-январдан тартып электр энергиясын колдонууга чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Тажик радиосу «Барки точик» энергохолдингине шилтеме кылып кабарлады.
Айтурган Темирова: Болот Шамшиев талапты жогору койгон режиссёр эле

"Болот Шамшиев талапты абдан жогору койгон режиссёр эле. Кино – бул анын стихиясы болчу", - дейт КРдин эл артисти Айтурган Темирова. СССРдин эл артисти, белгилүү кинорежиссёр Болот Шамшиевдин 80 жылдыгына карата Айтурган Темированын биздин редакцияга берген интервьюсун жарыялайбыз.
Шайлоо-2021. Жарандардын санитардык коопсуздугун камсыздоо максатында алгоритм иштелип чыкты

Президенттик шайлоо жана референдум учурунда жарандардын санитардык коопсуздугун камсыздоо максатында атайын алгоритм иштелип чыкты. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Саламаттык сактоо министри: Калктын көпчүлүгү COVID-19 менен ооруп бүттү

2020-жылдын ноябрь айынын ортосунда COVID-19 коронавирустук инфекциясы менен ооругандардын саны төмөндөгөндүгү байкалды. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Президенттикке талапкерлер үгүт иштерине жалпы 105,4 млн сом сарптады

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлер үгүт иштерине 31-декабрга карата канча акча сарптагандыгы тууралуу маалымат таратты.