2025-07-04
УКМК: Теракт жасоого даярданып жаткан ЭТУ согушкери кармалды

2020-жылдын 31-декабрында КР УКМК коңшу мамлекеттердин биринин атайын кызматтары менен биргеликте жүргүзгөн иш-чараларынын натыйжасында Кыргызстандын аймагында террордук актынын болушунун алдын алынды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
ИИМ: Кыргызстанда жаңы жылдын түнү тынч өттү

Кыргызстанда жаңы жылдын түнү тынч өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Президенттин м.а. Талант Мамытов кыргызстандыктарды Жаңы жыл менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кыргызстандыктарды Жаңы 2021-жыл менен куттуктады, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.
“ДИНАМО” ЖАЛАЛ-АБАД: МАКСАТЫБЫЗ – КЫРГЫЗ ТУУСУН ДҮЙНӨГӨ ТААНЫТУУ!

Самбо күрөшү – өлкөдө эң көп жайылган спорт түрү. Аталган спорт менен көптөгөн жаштар машыгып, Кыргызстанда жана дүйнөлүк мелдештерде мыкты ийгиликтерди жаратып келишүүдө. 2020-жылдын 25-декабрында Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы жана “Газпром балдарга” ден соолукту чыңдоо борбору тарабынан самбо боюнча балдар жана жаштар арасында борбор калаанын биринчилиги болуп өттү. Аталган мелдеште өлкөбүздүн бардык булуң-бурчунан жаш самбо чеберлери катышып, түрдүү салмакта күч сынашты.Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов, “Ааламга кеткен жол айылдан башталат” дегендей, элет жеринен келген спортчулар аталган мелдеште жакшы жыйынтыктарды көрсөтүштү. Алардын ичинен Жалал-Абад шаарынын “Динамо” спорт клубунан келген жаш спортчулар өздөрүнүн мыкты экендигин далилдеп, спорттогу чеберчилиги жана күрөштөгү кайталангыс ыкмалары менен өзгөчөлөнө алышты. Дегеле “Динамо” спорт клубунун спортчулары ар бир мелдеш сайын өздөрүнүн мыктылыгын көрсөтүп келет. KEREEZ.KG маалымат сайты “Динамо” клубунун жаш спортчулары, Бишкекте өткөн мелдеште эң жакшы жыйынтыктарды камсыздаган Курманбек Замирбек уулу жана Нурсултан Абдисаламов, ошондой эле алардын машыктыруучусу, бир катар дүйнөлүк мелдештердин чемпиондорун даярдап, дале болсо келечектен көптү үмүттөндүргөн спортчуларды тарбиялап келе жаткан Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучусу Замирбек Раев жөнүндө азыноолак кеп кылмакчыбыз.
Британ парламенти ЕБ менен жаңы соода келишимин колдоду

Улуу Британиянын парламентинин Өкүлдөр палатасы Евробиримдик менен соода келишимин жактырды.
КТРКнын башкы директорлук кызматына Бактияр Алиев тандалды

30-декабрда КТРКнын башкы директорунун милдетип аткарып келген Бактияр Алиев ачык сынактын негизинде 11 добуш менен башкы директорлукка тандалып алынды. Бул тууралуу КТРКнын расмий сайтында маалымдалат.
Мамытов Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү

30-декабрда, Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.