2024-12-24
Түрмөк
Шайлоо 2021. Шайлоочулардын көбү Ош облусунда
Президенттик шайлоого жана референдумга добуш берүүчүлөрдүн так тизмеси 2-январда түзүлүп өлкөнүн баардык шайлоо участкаларына илинди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады. Ага ылайык, 10-январь күнү шайлоого катышууга 3 млн 563 миң 574 жаран укук алган.
Шайлоочулардын эң көбү Ош облусунда, алар жалпы добуш берүүчүлөрдүн 20%ын түзөт. Алардын аймакка бөлүштүрүлгөндөгү көрсөткүчү төмөнкүдөй:
-Бишкек – 416 123 (12%)
-Ош шаары – 151115 (4%)
-Баткен – 297 264 (8%)
-Жалал-Абад – 666 695 (19%)
-Нарын – 202 475 (6%)
-Ош облусу – 722 933 (20%)
-Талас – 157 886 (4%)
-Чүй – 591 818 (17%)
-Ысык-Көл 307 786 (9%)
-28 чет өлкөдөн добуш бере тургандар – 49 479 (1%)
БШКнын маалыматына ылайык, быйыл 2017-жылдагы президенттик шайлоо учуруна салыштырмалуу шайлоочулар 537 миң 804 адамга көбөйгөн. Бул өсүш 18%ды түзгөн.
Жаш курактагы 18 жаштан 30 жашка чейинки шайлоочулардын саны, баардык шайлоочулардын жалпы санынан 31%дан ашыгын түзөт.
Шайлоочулардын тизмесинин гендердик курамындагы 52,21% — аялдар, 47,679% — эркек шайлоочулар.
Эскерте кетсек, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктаган референдум 10-январда өтөт. Анда 17 талапкер ат салышмакчы.
Булак: Марал