2024-12-23
Быйыл ишканалардын киреше бөлүгү 20 эсе түштү
2020-жылдын 11 ай ичинде ишканалардын киреше бөлүгү 20 эсе түштү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков билдирди.
Мамытов: Энергетика — өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир эткен тармак
Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеӊештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 22-декабрда, энергетиктерди кесиптик майрамы — өлкөнүн Энергетиктер күнү менен куттуктады, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.
Социалдык ролик: Үй-бүлө, коом жана мыйзам
Учурда үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун саны көбөйүүдө. Көпчүлүк мезгилде бул көрүнүштөрдөн аялдар жабыркап, күнөөкөргө мыйзам чегинде чара көрүлүп, натыйжада үй-бүлөнүн бузулушуна алып келүүдө. Бул тасма ошол көрүнүштөрдүн алдын алуусуна багытталган...
КЫРГЫЗДЫН ТУУСУН КӨТӨРГӨН ЗАЛКАР: БОЛОТ ШАМШИЕВДИН АРАБЫЗДАН КЕТКЕНИНЕ ТУУРА БИР ЖЫЛ БОЛДУ
Болот Шамшиев каза болгондон кийин анын артынан бүтүндөй бир доор кеткендей болду. Кыргыз элинин жүрөгү эңшерилип, анын каза болушу – кыргыз киносу, кыргыз маданияты жана бүтүндөй кыргыз калкы үчүн орду толгус жоготуу болду.
Кыргызстанда доллардын курсу 79 сомго чейин түштү
Кыргызстанда АКШ долларынын курсу 79 сомго чейин төмөндөдү.
Талант Мамытов: Учурда мага чоң жоопкерчилик жүктөлүп турат
Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов 20-декабрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ноокен районунун тургундары менен жолугушту. Анда коомдук-саясий кырдаал тууралуу сөз болуп, социалдык-экономикалык көйгөйлөргө байланыштуу эмгек миграциясы курч турганы айтылды.
Жалпы жарандык биометрикалык паспорт 34 жана 50 беттен турган эки вариантта чыгат
Жалпы жарандык биометрикалык паспорт 34 жана 50 беттен турган эки вариантта чыгат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында "Инфоком" ишканасынын башкы адиси Захид Абдыкаимов билдирди.