2025-07-03
Ташиев: Жогорку Соттун төрайымына кылмыш иши козголду

Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиевага кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 24-декабрда маалымат жыйынында кабарлады.
Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүүдө

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун башчылыгында бүгүн, 24-декабрда, мамлекеттик органдардын айрым жетекчилеринин, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин катышуусунда өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйынын өтүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
«Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды

2020-жылдын 22-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Тергөө кызматы менен биргеликте 2017-жылдан бери издөөдө жүргөн «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами́» диний экстремисттик уюмдун мүчөсү 32 жаштагы Т.Ж. аттууну кармашты.
Кыргызстан жана Өзбекстан тарткан “Делбирим” тасмасы ютубга чыкты

Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” повестинин негизинде тартылган “Делбирим” көркөм тасмасы ютубга жүктөлдү.
Ошто Жалил Сыдыковдун "Өлүп тирилгендер" драмасы коюлду

Ош мамлекеттик университетинин кино академия факультетинин студенттери республикалык "жаңы ысымдар" спектакль фестивалына катышууда.
Ош шаардык спорт комитетин убактылуу жаңы жетекчи башкарат

Абакиров Бекдөөлөт Абакирович Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Дүйнөлүк кубокто медаль алган күрөшчүлөр сыйланды

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 23-декабрда, Белград шаарында (Сербия Республикасында) өткөн Дүйнө кубогунда байгелүү орундарды ээлеген күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү менен машыктыруучулар курамын куттуктады.