2024-12-23
Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум 10-январга белгиленди
Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов «Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду дайындоо тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат кызматы кечээ, 11-декабрда кечинде расмий сатына жарыялады.
Чыңгыз Шамшиев: Студенттерди критикалык ой жүгүртүүгө үйрөтүү керек
Интеллектуалдык ресурс санариптик экономиканын эң маанилүү компоненти болуп саналат. Анын сапаттуу калыптанышы үчүн негизги жоопкерчилик билим берүү системасына жүктөлгөн. Билим берүү тармагын өнүктүрүүдө мамлекеттин ролу кандай? Ушул жана башка көптөгөн темалардын айланасында Борбордук Азиядагы Америка университетинин вице-президенти, БААУнун Инновациялык колледжинин башкы директору, Франциянын экономика илимдеринин доктору Чыңгыз Шамшиев кеп кылды. (1-БӨЛҮК)
УКМК: Финполдун мурдагы төрагасы Бакир Таиров кармалды
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын мурдагы төрагасы Бакир Таиров кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.
Казакстан сенаты чиновниктерге чет өлкөдө эсеп ачууга тыюу салды
Казакстан сенаты мамлекеттик кызматкерлерге, парламент депутаттарына жана сотторго чет өлкөлүк банктарда эсеп ачууга, акча жана баалуу буюмдарды сактоого тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алды. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы жазды.
Жалал-Абадда 322 мектеп салттуу режимде иштеп жатат
Жалал-Абад облусунда 322 мектеп салттуу режимде иштеп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков билдирди.
Мамытов: Кыргызстан адам укуктарын коргоо үчүн бардык чараларды көрөт
Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 10-декабрда Эл аралык адам укугун коргоо күнүнө карата кайрылуу жасады.
Өзбекстан менен автобус каттамдары жанданат
Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы автобус каттамдары жанданат. Бул тууралуу Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.