AUCA the best 2

2025-05-10

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Дүйнөлүк кубокто медаль алган күрөшчүлөр сыйланды

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 23-декабрда, Белград шаарында (Сербия Республикасында) өткөн Дүйнө кубогунда байгелүү орундарды ээлеген күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү менен машыктыруучулар курамын куттуктады.

Иш-чарага байгелүү орун алган спортчулар Айсулуу Тыныбекова, Жоломан Шаршенбеков, Мээрим Жуманазарова, Руслан Царев, Калы Сулайманов, Айпери Медет кызы, Исламбек Орозбеков, ошондой эле машыктыруучулар штабы катышты. Спортчу Айаал Лазерев шаарда болбогондугуна байланыштуу иш-чарага келе алган жок.

Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу куттуктоо сөзүндө кыргызстандык балбандар Дүйнө кубогунда 3 алтын жана 5 коло медалды багындырышып, жыйынтыгында жалпы медалдар боюнча 2-командалык орунду ээлеп, татыктуу натыйжаларды көрсөткөндүгүн белгиледи.

«Пандемияга жана башка кыйынчылыктарга карабастан, сиздер тынымсыз машыгып, талбай эмгек кылып, бардык тоскоолдуктарды жеңип, мыкты ийгиликтерге жетиштиңиздер. Бүткүл Кыргызстан сиздерди колдоп турду. Сиздердин жеңишиңер жалпы элибизге дем-күч берди, силер — биздин сыймыгыбызсыңар. Бул ийгиликтер жаңы жетишкендиктердин башталашы гана экенине, өлкөбүздүн желеги мындан аркы көптөгөн мелдештерде да бийик желбирерине бекем ишенем», — деп баса белгиледи Талант Мамытов. Ал атамекендик спортчулар Японияда өтө турган Олимпиада оюндарында дагы өздөрүн татыктуу көрсөтөрүнө үмүт артты.

Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова курама команданын мүчөлөрүнүн атынан спортчуларды колдогон жалпы мекендештер менен күйөрмандарга ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле ал курама команданын машыктыруучусу Нурбек Изабеков талбас эмгеги менен кыз-келиндер күрөшүн өнүктүрүүгө чоң салым кошуп, Кыргызстанды бүт дүйнөгө тааныткандыгын белгиледи.

«Келечекте мыкты кыргызстандык чемпиондордун жаңы ысымдары чыгарына ишенем, ал үчүн ар бир спортчу өз Мекенинин патриоту болушу керек жана чарчабастан машыгуусу зарыл», — деп билдирди Айсулуу Тыныбекова.

Өз кезегинде Нурбек Изабеков машыктыруучулар штабынын атынан өлкө жетекчилигинин жана жалпы эле кыргызстандыктардын жылуу кабыл алуусуна жана колдоосуна ыраазычылыгын айтты.

«Мен 2010-жылдан тарта күрөш боюнча кыз-келиндер командасынын башкы машыктыруучусу болуп иштеп келем. Бул жылдар аралыгында биз көп нерсени башыбыздан өткөрдүк: жаракат алдык, жеңилдик. Бирок аларга карабастан, чөгүп отуруп калбастан абдан катуу иштедик, туура коюлган стратегия менен жеңиштерге жеттик», — деп айтты Нурбек Изабеков.

Ал спортчуларга Олимпиада оюндарында жеңиштерди каалап, бул үчүн машыктыруучулар курамы бардык күч-аракетин жумшайт деп ишендирди.

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов спортчуларга жана машыктыруучуларга Мамлекет башчысынын резервдик фондунан бөлүнгөн акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Интервью

 

Жаңылыктар

Вступительный экзамен в мае

Кабыл алуу сынактары май айында болот

Финансовая поддержка в АУЦА

Международный ПЛАС-Форум Digital Uzbekistan – стартует в мае

Круглый стол: Женское предпринимательство Кыргызстана и стран БРИКС

Байыркы кыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

Протокыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

“Харгяс Уур” (кыргызское гнездо) на территории Монголии

Почему Кыргызстану надо перейти на свой древний алфавит?

Перизат Тойчубекова улуттук мурасты дүйнөгө таанытуу тууралуу

БААУнун юридикалык факультетинин командасы – Jessup 2025 сынагынын улуттук тандап алуу раундунун жеңүүчүсү!

Монголия переходит на старый монгольский алфавит

27 февраля в Бишкеке пройдет ПЛАС-форум Digital Kyrgyzstan

“Конфетто” таттуу брендинин негиздөөчүсү Айнура Сыдыкова менен маек

Юлия Жаналиева келечек муунду тарбиялоодогу жоопкерчилиги жөнүндө

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2