AUCA the best 2

2025-05-10

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Ош шаарында Иран өлкөсү тарабынан курулган спорт комплекси пайдаланууга берилди

21-декабрда Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунда Иран Ислам Республикасы гранттык негизде курган жаңы спорт комплекстин ачылыш аземи болуп өттү.

Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Саид Харразиден, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, спортчулар жана жергиликтүү тургундар катышты. Т.Сарыбашов шаардыктарды жаңы спорткомплекстин ачылышы менен куттуктап, Иран Ислам Республикасынын элчисине ыраазычылык билдирди.

“Кыргызстан-Иран” достук спорт комплекси бир гана биздин келечектеги чемпиондорду даярдоо эмес, Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты бекемдөөгө шарт түзөт десем жаңылышпайм. Биздин машыктыруучулар спорткомплексте өтүүчү иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүү менен, ар улуттан турган болочок таланттарды тарбиялап элибиздин спорттук байлыгын, улуттук толеранттуулугун жана мекенчил сезимдерин ойготууга чоң салым кошот. Бул жерде эл аралык мелдештер уюштурулуп, Ош шаарынан мыкты спорт чеберлери, Азия жана дүйнө чемпиондору чыгат деген ишеним чоң”,-деди шаар жетекчиси.

Андан соң шаар мэри расмий коноктор менен биргеликте спорткомплекстин кызыл тасмасын кесип, шарттары менен таанышты.

Ошондой эле, Т.Сарыбашов спортчулардын өнөрлөрүнө күбө болуп, алар менен баарлашты. Аталган спорткомплексте 2 машыгуучу зал, жуунуучу, кийинүүчү бөлмөлөр бар.1-залында кыргыз күрөш, дзюдо, грек-рим, эркин күрөш, самбо, таэквондо, каратэ-до боюнча машыгуулар, 2-залда волейбол, баскетбол, кичи футбол боюнча машыгуулар жана мелдештер өткөрүлөт.

Спорт комплекстин короосунда да волейбол аянтчасы бар. Мындан тышкары кичи балдар ойноочу аянтча да курулду

 

Интервью

 

Жаңылыктар

Вступительный экзамен в мае

Кабыл алуу сынактары май айында болот

Финансовая поддержка в АУЦА

Международный ПЛАС-Форум Digital Uzbekistan – стартует в мае

Круглый стол: Женское предпринимательство Кыргызстана и стран БРИКС

Байыркы кыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

Протокыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

“Харгяс Уур” (кыргызское гнездо) на территории Монголии

Почему Кыргызстану надо перейти на свой древний алфавит?

Перизат Тойчубекова улуттук мурасты дүйнөгө таанытуу тууралуу

БААУнун юридикалык факультетинин командасы – Jessup 2025 сынагынын улуттук тандап алуу раундунун жеңүүчүсү!

Монголия переходит на старый монгольский алфавит

27 февраля в Бишкеке пройдет ПЛАС-форум Digital Kyrgyzstan

“Конфетто” таттуу брендинин негиздөөчүсү Айнура Сыдыкова менен маек

Юлия Жаналиева келечек муунду тарбиялоодогу жоопкерчилиги жөнүндө

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2