AUCA the best 2

2025-11-05

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Новиков: Экономикалык реформалар жаңы кадамдарды талап кылат

Экономикалык реформалар боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча топтордун сапаттуу жана ыкчам ишин камсыздоо зарыл. Бул туурасында премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Өкмөткө караштуу Экономикалык реформалар боюнча кеңештин кезектеги жыйынында билдирди, - деп кабарлайт өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

0 0 0 0 0 0 0 0 0 АРТЕМНОВИКОВ

Артем Новиков белгилегендей, экономикалык реформалар жаңы кадамдарды талап кылат.

«Эски принциптер боюнча иш алып баруу – бул алга жылуусуз, бир орунда туруу. Жумушчу топтор аркылуу иштелип чыккан концепциялар Кеңеш тарабынан бекитилген соң ырааттуу ишке ашырылышы керек, бул өз кезегинде экономикада жана социалдык тармактагы натыйжаларга жетишүүгө алып келет», - деди Артем Новиков.

Кеңештин үчүнчү жыйынынын жүрүшүндө Курулуш тармагындагы ашыкча административдик тоскоолдуктарды жоюу боюнча концепциянын долбоору, Жергиликтүү деңгээлде бизнести колдоого алуунун дем берүүчү механизмдерин түзүү жана тийиштүү инфраструктураны өнүктүрүү боюнча концепциянын долбоору, Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жерлерди трансформациялоо процедураларын жөнөкөйлөтүү жана кыскартуу боюнча концепциянын долбоору жана Электр энергиясынын ачык рыногун түзүү боюнча концепциянын иштелип чыккан долбоорлору каралды.

Талкуу жыйынтыгы боюнча, киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен Курулуш тармагындагы ашыкча административдик тоскоолдуктарды жоюу боюнча концепциянын долбоору жана Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана өнөр жай ишканаларын өнүктүрүү үчүн жерлерди трансформациялоо процедураларын жөнөкөйлөтүү жана кыскартуу боюнча концепциянын долбоору жактырылды.

Мындан тышкары, талкуу жыйынтыгын эске алуу менен, калган концепция долбоорлорун 2021-жылдын 12-январында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык реформалар боюнча кеңештин кезектеги жыйынында кароо үчүн толуктап иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Артем Новиков Экономикалык реформалар боюнча кеңештин мүчөлөрүнө жана кеңешменин катышуучуларынын аткарган ишине ыраазычылык билдирип, Кеңеш мындан ары карай да туруктуу өнүгүү маселелерин ар тараптан талкуулоо, ошондой эле өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү стратегиялык чнчимдерди кабыл алуу үчүн натыйжалуу жана ачык аянтча катары ишин улантаарына ишеним билдирди.

Булак: Кабар

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2