2025-07-04
ИИМ: Ички иштер министри Улан Ниязбеков алдыда өтө турган шайлоого көрүлүп жаткан даярдыктар тууралуу онлайн жыйын өткөрдү

2021-жылдын 4-январь күнү Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын полковниги Улан Ниязбеков Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү маалында коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча ички иштер органдарынын бир катар жетекчилерине онлайн жыйын өткөрдү.
УКМК: Болот Сүйүмбаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча изделүүдө

Атайын кызматтын башчысынын мурунку орун басары Болот Сүйүмбаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча изделүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирет.
САДЫР ЖАПАРОВ: ЖАШТАРГА ШАРТ ТҮЗҮҮ – МАМЛЕКЕТТИН БАШКЫ МИЛДЕТИ!

«Эртеңки келечек ээлери, Кыргызстандын жаштары! Мен сиздердин адистик алып, Мекенде иштөөгө кааларыңыздарды жакшы билем! Сиздер өлкөдө болуп жаткан окуяларга кайдыгер эмессиздер жана дайыма чечкиндүү аракеттерге даярсыздар! Өлкө сиздердей максатка, билимге умтула билген, адилеттүулүктү туу туткан, өнөрдүн түрдүу тармагына кол сермеген сиздердей жаштар менен сыймыктанат! Сиздер бар болгон үчүн гана биздин өлкө келечекке ишенимдүү кадам таштоодо!” – Садыр Жапаров.
САДЫР ЖАПАРОВ: “БИЗ — КЕН БАЙЛЫКТЫН ЭМЕС, АКЫЛ-ЭСТИН, БИЛИМДИН ЭСЕБИНЕН ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕГИБИЗДИ КУРАБЫЗ”

Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Садыр Жапаров жаңырган жылды жаштар менен жолугушуудан баштады.
Шайлоо күнү коомдук коопсуздукту 11 миңден ашык милиция камсыздайт

Президенттик шайлоону өткөрүү маалында коомдук коопсуздукту камсыздоого 11 миңден ашуун милиция кызматкери тартылат. Бул тууралуу бүгүн, 4-январда Ички иштер министри Улан Ниязбеков шайлоого карата көрүлүп жаткан даярдыктар тууралуу онлайн жыйында айтты.
«Гардиан» басылмасы Кыргызстанды сөзсүз саякаттай турган өлкөлөрдүн тизмесине кошту

Британиялык белгилүү «Гардиан» басылмасы окурмандарынын сунуштарынын негизинде 2021-жылы бара турган жайлардын тизмесин түздү. Тизменин биринчи сабында Кыргызстан турат.
Алар саякаттоо үчүн Кыргызстандагы Жеңиш чокусун өзгөчө белгилеп, ал эми өлкөнү Борбор Азиядагы «стандардын» эң жакшысы деп сыпаттаган.
Футзал боюнча "Наристе-2021" мелдеши старт алды

Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда 3-январда футзал боюнча "Наристе-2021" салттуу мелдеши старт алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча агенттигинен билдиришти.