Түрмөк
АКШдагы башаламандыктар. Бир аял каза болду, Twitter, Facebook жана Instagram Трамптын баракчаларын блоктоду
АКШнын борбор шаары Вашингтондо Дональд Трампты колдоп демонстрацияга чыккан демонстранттардын тобу полиция тосмосунан өтүп, Конгресстин имаратына киришти. Полиция конгресс имаратын 4 сааттан кийин коргоого алды.

АКШ Конгрессиндеги нааразычылык окуяларда жарадар болгон аял каза болду
АКШ президенти Дональд Трамптын тарапкерлери менен АКШнын Конгрессиндеги полициянын кагылышуусунда жаракат алган аял каза болду.
Вашингтондун полициясы бул тууралуу билдирүү жасап, Конгресстин имаратындагы окуялар учурунда жаракат алган аял ооруканада экенин, бирок аны сактап калууга мүмкүн болбогонун билдирди.
Каза болгон аял тууралуу жеке маалыматтар бөлүшүлгөн жок.
Трамп Улуттук Гвардияга "Конгресс имаратынын алдындагы акцияларга чара көрүүнү" тапшырды
Ак үйдүн басма сөз катчысы Айдан МакЭнани өзүнүн Twitter баракчасы аркылуу "АКШнын президенти Трамп, Улуттук Гвардияга Конгресстин имаратынын алдындагы окуяларга чара көрүүнү тапшырды.
Улуттук гвардия президент Дональд Трамптын көрсөтмөсү боюнча Конгресстин имаратына башка федералдык коргоо аскерлери менен бирге баратат. Биз президент Трамптын зомбулукка каршы сабырдуулукка чакырыгын дагы бир жолу кайталайбыз", - деген билдирүү жазды.
АКШ президенти Дональд Трамп АКШ Конгрессинин имаратында болгон окуялар боюнча видео кайрылуу жасап, аны колдогон демонстранттарды "үйүнө кайтууга" чакырды.
Трамп өзүнүн кайрылуусунда, "Силердин ачууланганыңарды, кыйналганыңарды билем. Бизден уурдалган бир шайлоо бар" деди.
Шайлоодо чоң айырма менен жеңишке жетишкендигин баардыгы билээрин айткан Трамп, тарапташтарына мындайча кайрылды:
"Азыр силер үйүңөргө кайтышыңар керек. Биз тынчтыкты, мыйзамдуулукту жана тартипти сакташыбыз керек. Мыйзамдуулукту жана тартипти сактоо менен биз өз элибизди сыйлашыбыз керек. Биз өтө оор мезгилдерди баштан кечирип жатабыз. Бизден, менден, сизден жана биздин өлкөбүздөн шайлоону тартып алышты. Буга чейин мындай нерсе болгон эмес. Бул фальсификацияланган шайлоо болду, бирок биз бул адамдардын нанына май сүйкөп бере албайбыз. Биз тынчтыкты камсыз кылышыбыз керек. Ошондуктан үйүңөргө баргыла. Биз силерди сүйөбүз. Силер биз үчүн өзгөчө адамсыңар. Силер эмне болгонун көрдүңөр. Андан да жаманы, силер алардын адамдарга кандай мамиле жасаганын көрдүңөр. Өзүңөрдү кандай сезип жатканыңарды билем, бирок үйүңөргө баргыла. Тынчтык менен үйүңөргө кайткыла" деди.
Улуттук Гвардия толук даярдыкта
АКШнын Коргоо министринин орун басары Кристофер Миллер Вашингтондогу окуялардан кийин Улуттук Гвардияны активдештиришкенин белгилеп: "Биздин кызматкерлер Конституцияны жана демократиялык башкарууну коргоого даяр" экендигин билдирди.
Миллер өз билдирүүсүндө АКШнын Башкы штабынын башчысы Марк Милли менен бирге, АКШнын Вице-президенти Майк Пенс, Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси, Сенаттагы көпчүлүктүн лидери Митч Макконнелл, Сенаттагы азчылыктын лидери Чак Шумер жана Мэриленддин өкүлү Стени Хойер менен жолугушканын айтты.
Нааразычылык акцияларына кийлигишүү үчүн Вашингтондун Улуттук Гвардиясын толугу менен активдештиргенин белгилеген Миллер: "Жергиликтүү бийлик зарыл деген учурда, кошумча колдоо көрсөтүүгө даярбыз. Биздин кызматкерлер Конституцияны жана демократиялык башкарууну коргоого ант беришет жана ошого жараша иш алып барышат" деди.
Вашингтондо коменданттык саат киргизилди
Twitter: Социалдык медианын алптарынын бири Твиттер, АКШ Конгрессиндеги башаламандыктардан кийин президент Дональд Трамптын баракчасы 12 саатка кулпуланганын, мыйзам бузуулар улана берсе, анын аккаунтун токтотуп коёрун жарыялады.
Facebook: АКШда жайгашкан Facebook социалдык тармак платформасы, президент Дональд Трамптын Конгресстеги окуяларга байланыштуу, анын баракчасына 24 сааттык пост бөлүшүү тосмосун киргизгенин билдирди.
Instagram: Фейсбуктун дагы бир бөлүшүү сайты Instagram дагы Трамптын эсеби 24 саатка кулпуланганын жарыялады.
Автор: Мырзахит Мырзаев










