2024-12-24
ӨКМ министри Бообек Ажикеев Ош облусун кыдырууда
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Ош облусун кыдырууда.
Түштүк Кореяда Жогорку сот мурдагы президентке 22 жыл жаза берди
Түштүк Кореянын Жогорку соту коррупция үчүн соттолгон өлкөнүн мурдагы президенти Пак Кын Хего карата өкүмдү бекитти. Ал 22 жыл камакта болот. 2018-жылы саясатчы 24 жылга кесилген. Бул чечим тууралуу 14-декабрда "Рёнхап" маалымат агенттиги билдирди.
Башкы прокуратуранын жетекчилиги жарандар менен жолугушуу өткөрдү
Бүгүн Башкы прокуратуранын жетекчилиги тарабынан жыйырмага жакын жаран тергөө органдарынын мыйзамсыз аракеттерине, соттук иштердин негизсиз создуктурууларына, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдүн айланасындагы талаштар боюнча талаптары менен кабыл алынды.
Оштун мэри “Ардак белги” төш белгиси менен сыйланды
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 2020-жылдын жыйынтыгы менен КРнын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын “Ардак белги” төш белгиси менен сыйланды.
ДССУнун эксперттери Кытайдын Ухань шаарына келишти
Маалым болгондой, Япония, Катар, АКШ, Орусия, Германия, Вьетнам, Австралия, Нидерланды, Улуу Британия, Дания өлкөлөрүнүн вирусологдору коронавирустун алгачкы очогу болгон Ухань шаарында аталган илдеттин келип чыгуу себептерин изилдешет.
ИИМ: КЫРГЫЗСТАНДЫН ГЕРБИ БҮГҮН 27 ЖАШКА ТОЛДУ
27 жыл мурда 1994-жылы 14-январь күнү Жогорку Кеңештин депутаттары өздөрүнүн токтому менен көз карандысыз Кыргыз Республикасынын мамлекеттик белгиси-Мамлекеттик герби кабыл алынган. Герб кандайча түзүлгөн жана кабыл алынган?
Гербдин авторлорунун бири – отставкадагы милициянын генерал-майору Садырбек Дубанаев мамлекеттик белгинин түзүлүшү жана кабыл алынышы тууралуу айтып берди.
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 541 млн куб метрди түздү
Бүгүн, 14-январда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 541млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.