2024-12-25
Түрмөк
Айжан Чыныбаева: Эл-жер үчүн өмүрүн бергендер түбөлүккө жүрөгүбүздө сакталат!
Бүгүн, Дайыр Асанов атындагы сейил багында Ленинград блокадасы курчоодон бошотулганынын 77 жылдыгына карата эскерүү жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева фейсбуктагы баракчасына жарыялады.
Айжан Чыныбаева иш-чара боюнча төмөнкүлөрдү жазган:
Тарых баракчасына баш баксак, 1943-жылдын 18-январында Ленинград блокадасы курчоодон бошотулган. Курчоодо калган Ленинград шаарынан 16 миӊден ашык адам, анын ичинен 3,5 миң бала Кыргызстанга эвакуацияланган.
⠀
Курман болгондорду эскерүү болуп, иш-чаранын катышуучулары менен биргеликте эстеликке таазим кылып, гүлчамбар коюу менен аяктады.
⠀
Бишкек - биздин сүйүктүү шаарыбыз!
Эл үчүн курман болгондордуу эскерүү салтын жыл сайын адатка айлантсак жакшы болот!
⠀
Эл үчүн, жер үчүн набыт болгондор ар дайым эсибизде, жүрөгүбүздө сактала бермекчи!