AUCA the best 2

2025-11-05

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Бишкектеги Ош базарынын аймагы иретке келтирилет

Ленин акимиатынын жыйындар залында башчынын биринчи орун басары Алтынбек Маматовдун төралыгы алдында Ош базарынын жана райондун аймагында көмүскө жайларды аныктоо жана аларды токтотуу, коомдук тартипти сактоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын отуруму өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

8e59d3ee-e7e9-41d9-a522-a654a6e6c6d5.730x400.jpg

Маалыматка ылайык, отурумда ,Чүй проспектиси, Бейшеналиева, Рыскулов жана Павлов көчөлѳрү чектешкен аймакта көмүскө жайларды жоюу маселеси талкууланды.

Райондук акимиаттын кызматкерлерине райондо тартипти туруктуу камсыздоо, биргелешкен рейддик иш-чараларды өткөрүү тапшырылды.

Ошондой эле, тейлөө чөйрөсүнүн объектилерин жайгаштырууну тартипке келтирүү, башаламан сооданы жоюу, керектөөчүлөрдүн укуктары менен кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу максатында, Ленин райондук администрациясы бир нече ишкерлерге, жол жээгинде соода кылгандарга башаламан сооданы уюштурууга тыюу салуу жөнүндө эскертүүлөрдү берди.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык кенешинин жарлыгы менен бекитилген калаанын аймагында соода жүргүзүүнү уюштуруу эрежелерине ылайык, соода ишинин субъектилери, менчигинин түрүнө карабастан жана юридикалык жакты түзбөстөн, ишкердик ишин жүргүзгөн жарандар ыйгарым укуктуу органдарда жана салык инспекциясында жайгашкан жери боюнча каттоодон өткөндөн кийин чакан чекене соода жүргүзүүгѳ болот.

Ошондой эле бийликтин жана мамлекеттик администрациянын имараттарынын жанында, маданий эстеликтердин, диний имараттардын жанында, жолдордун, тротуарлардын өтүүчү бөлүгүндө чакан чекене соодага тыюу салынат.

Жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам ченемдери сакталбаган учурда, мыйзам бузуучуларга карата Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 293-беренесинин жана 120-беренесинин ченемдери колдонулат.

Отурумга райондук ички иштер башкармалыгынын, Бишкек шаарынын мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясынын, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, Мамлекеттик салык кызматынын, муниципалдык аймактык башкармалыгынын жана башка райондук кызматтардын өкүлдөрү катышты.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2