AUCA the best 2

2025-11-05

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Садыр Жапаров өкмөттүн жаңы түзүмү тууралуу өз пикирин билдирди

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров премьер-министрликке талапкер Улукбек Марипов тарабынан сунушталган өкмөттүн жаңы курамы жана түзүмү тууралуу өз пикирин билдирди.

Садыр Жапаровдун социалдык тармактарда жарыяланган билдирүүсүндө төмөнкүдөй деп айтылат:

«Урматтуу кыргызстандыктар!

Биз өлкөбүз оңолсун, мамлекеттик башкаруу иретке салынсын, казынадан уурдагандар токтосун, ашыкча кызматтар жоюлсун деп революция кылганбыз. «Мен революция жасагам, ошол үчүн ушул кызматта өмүр бою олтурушум керек, жоюлбасын» деген түшүнүктөн алыс бололу.

Бул бир.

Экинчиси, кадр саясаты боюнча, «бул Акаевчи болчу, бул Бакиевчи болчу, бул Атамбаевчи же Жээнбековчу болчу» деген эски түшүнүктөрдү токтотолу. Мынтип олтурсак, анда өлкөбүздүн ичинен бир дагы татыктуу кадр таппайбыз. Башка планетадан издешибиз керек болот.

Үчүнчүсү, баланча министрликке Садыр Жапаровго душман болуп жүргөн, аны камаганга салым кошкон кадр бара жатат деп сындагандарга айтаарым, азыр биз душмандаша же туугандаша турган мезгил эмес. Эл үчүн, мамлекеттин келечеги үчүн өткөн-кеткенди унуталы. Сабырдуу бололу. Кудай сабырдуулар тарапта.

Ар бир министрликке мурдагыдай тааныш-билишти эмес, ошол министрликтин адисин алып бара жатабыз. Мындан ары «бөдөнөнү сойсо да касапчы соет». Эгерде мурдагыдай көндүм адатын жасап, уурдай баштагандар болсо, дароо камалышат.

Бул үч.

Төртүнчү, бүгүнкү күндө жалпысынан 48 министерликтер, комитеттер, агенттиктер жана башка ведомстволор бар экен. Кимге кызмат жетпей калса эле министрлик ачып бере беришкен. Элге кылган кызматы же пайдасы жок, казынадан миллиарддарды жеп олтурушат. Таблицадан көрүп турганыңардай, ошонун баарын кыскартып, 12 эле министрлик калтырдык. Бир эле энергетика системасынан 2 миллиард сом үнөмдөлүп жатат. Кичинекей Кыргызстан үчүн керек болсо 12 министрлик да көптүк кылат. Бирок азырынча ушундай кылдык.

Ар бир чечимди «жети өлчөп, бир кесип жатабыз».Бир революционердин кызыкчылыгын көздөп, 6,5 миллион элдин кызыкчылыгын тебелебейли».

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2