AUCA the best 2

2025-11-05

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Президент Садыр Жапаров кезектеги жарлыктарга кол койду

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кезектеги жарлыктарга кол койду, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

dst_0662_730x0_730x0_730x0_730x0.730x0.jpg

Мамлекет башчысы саламаттыкты сактоо, өлкөнүн финансы рыногун, агро өнөржай комплексин мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар, мыйзамдарды инвентаризациялоо жана санарип технологияларды киргизүүнү активдештирүү жөнүндө жарлыктарга кол койду.

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү жана калктын жашоосунун жана саламаттыгынын сапатын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгы калктын саламаттыгын коргоо жана бекемдөө маселелеринде саламаттык сактоо уюмдарынын ишин өркүндөтүү, ооруларды алдын алуу, жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, материалдык-техникалык камсыздоону, кадрдык ресурстарды башкарууну жакшыртуу жана саламаттык сактоо системасына санарип технологияларды мындан ары киргизүүгө багытталган.

«Финансы рыногун мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлык менен финансы рыногун өнүктүрүү жана аны санариптештирүү процессин ылдамдатуу, жарандардын жана ишкерлердин финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү алуусунун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, бул секторго инвестициялардын келүүсү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү максатында өлкөнүн финансы рыногун мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар каралган.

«Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыктын негизги милдети айыл чарба азыктарын өндүрүүнү жана экспорттук потенциалын жогорулатуу аркылуу өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча агроөнөр жай комплексинин артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүү, коюлган максаттарга жетишүү үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Бардык мыйзамдык базаны оптималдаштыруу жана өркүндөтүү, колдонуудагы баалуулуктарды жана принциптерди, жаңы багыттарды кайра карап чыгууга негизденген жана жаран менен юридикалык жактардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган масштабдуу жана сапаттуу өзгөртүүлөрдү жүргүзүү максатында «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду.

Президенттин «Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» Жарлыгы жакынкы мезгилде мамлекет, бизнес жана жарандар ортосундагы туруктуу санариптик өз ара аракеттенүүнү түзүү боюнча негизги милдеттерди аныктайт. Жарлыктын максаты — Кыргыз Республикасынын калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чараларды кабыл алуу.

Жогоруда айтылган Жарлыктардан келип чыккан милдеттерди ишке ашыруу үчүн бардык зарыл чараларды көрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталат.

Булак: Кабар

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2