2025-05-19
Бишкекте француз-немис маданият институту ачылат

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Франциянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Франсуа Делеус жана Германиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчисинин орун басары Дэвид Вестенфельдер менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.
Суусамырда жүк ташуучу унаа менен Honda Stepwgn кагышып, 9 адам каза тапты

Бишкек-Ош унаа жолунун 201-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) Honda Stepwgn менен Volvo үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган 60 үй-бүлө жаңы үйлөрүнө киришти

Кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган Баткендин Лейлек районунун Максат айылындагы 60 үй-бүлө жаңы үйлөрүнө киришти.
Олимпиада оюндарынын байге ээлери жана катышуучулары сыйланды

Бүгүн, 23-августта, Токио шаарындагы XXXII жайкы Олимпиада — 2020 оюндарынын байге ээлери жана катышуучулары сыйланды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Айсулуу Тыныбекова Париж Олимпиадасына катыша турганын билдирди

Бүгүн, 23-август күнү президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Токио шаарындагы XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын байге ээлери жана катышуучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаттуу аземи өтүүдө.
Волейбол: Кыздар курамасы Борбор Азия чемпионатында коло утту

Кыргызстандын волейбол боюнча кыздар курама командасы Өзбекстандын Фергана облусунда өтүп жаткан Борбор Азия чемпионатында коло утушту. Бул тууралуу КРнын волейбол федерациясы билдирет.
Бүгүн олимпиада катышуучуларына мамлекеттик сыйлыктар тапшырылат

Бүгүн, 23-августта, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда Токио шаарындагы (Япония) XXXII жайкы олимпиада оюндарынын байге ээлери жана катышуучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаттуу аземи өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.