2025-01-10
Бүгүн олимпиада катышуучуларына мамлекеттик сыйлыктар тапшырылат
Бүгүн, 23-августта, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда Токио шаарындагы (Япония) XXXII жайкы олимпиада оюндарынын байге ээлери жана катышуучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаттуу аземи өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Волейбол: Кыргыз курамасы Борбор Азия чемпионатында күмүш утту
Кыргызстандын волейбол боюнча эркектер курамасы Өзбекстандын Фергана облусунда өтүп жаткан Борбор Азия чемпионатында күмүш утту. Бул тууралуу КРнын волейбол федерациясы билдирет.
Чек ара кызматы: Тажикстан "Головнойдогу" траншея казуу иштерин токтотту
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал туруктуу. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирет.
Акыркы суткада 244 адамдан COVID-19 табылып, 6 адам каза болду
Кыргызстанда 22-августка карата коронавирус дагы 244 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Чет элдик аскердик окуу жайларга өткөн абитуриенттер ант беришти
Бүгүн, 21-августта Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К. Усенбеков атындагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Аскердик институтунун базасында чет элдик жогорку аскердик окуу жайларга өткөн абитуриенттердин аскердик ант берген салтанаттуу аземи өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек: Мындан ары салыктарды КТБлардан төлөөгө болот
Шаардыктардын ыңгайлуулугу жана аймактык салык башкармалыктарындагы, банктардагы жана почта түйүндөрүндөгү кезек күтүүлөрдү жеңилдетүү үчүн борбордогу калкты тейлөө борборлорунда салык төлөө мүмкүнчүлүгү уюштурулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Акыркы суткада 248 адамдан COVID-19 табылып, 5 бейтап каза болду
Кыргызстанда 21-августка карата коронавирус дагы 248 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.