2025-05-19
Японияда «Като Бихоен» компаниясы кыргыз балын сата баштады

2021-жылдын 20-августунда Кыргызстандын Япониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев Токионун Асакуса районундагы «Като Бихоен» компаниясынын дүкөнүнө барды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Бишкекке белгилүү Хюррем Султандын ролун ойногон Мерьем Узерли келет

Лос-Анжелес шаарындагы Азиялык Эл аралык кинфестивалдын (Asian World Film Festival) чакыруусу боюнча телесериалдар менен байланыштуу жаӊы эл аралык долбоорду (Стамбул ш., Түркия) презентациялоо үчүн «Даӊазалуу доор» телесериалы боюнча кеӊири таанылган белгилүү актриса жана продюсер Мерьем Узерли Бишкекке келет. Бул тууралуу кинфестивалдын уюштуруучулары билдирди.
Чыңгыз Айтматов жана Мухтар Шаханов тууралуу даректүү тасма тартылууда

Кыргыз-казак достугун даңазалаган Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов жана Казак эл акыны Мухтар Шаханов тууралуу даректүү тасма тартылууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.
«Унаа» МИ көрсөткөн кызматтардын баасы жарыяланды

Коррупциянын тобокелчиликтерин жокко чыгаруу жана ачык-айкындуулукту жогорулатуу максатында КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги Министрликтин алдындагы «Унаа» мамлекеттик ишканасы тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын расмий бааларын жарыялаганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
Шашылыш билдирүү! Ысык-Көл жана Нарында сел жүрүшү мүмкүн

Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда 24-25-августта күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекетке 50 млн сом төлөп, үй камагына чыкты

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарды.
24-августка карата 199 адамдан COVID-19 табылып, беш бейтап каза болду

Кыргызстанда 24-августка карата коронавирус дагы 199 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.