2025-01-11
16-августка карата 237 адамдан COVID-19 табылып, 5 бейтап каза болду
Кыргызстанда 16-августка карата коронавирус дагы 237 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
ТИМ: Кыргызстандын Кабул шаарындагы элчилиги кадимки тартипте иштеп жатат
Кыргызстандын Кабул шаарындагы элчилиги кадимки тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Ооганстандын президентинин Тажикстанга качканы айтылууда
Ооган президенти Ашраф Гани талибдер борбор шаар Кабулга киргенден кийин кечке жуук Кабул аэропортунан учкан учак менен өлкөсүнөн чыгып кеткен.
REUTERS: Ооганстандын убактылуу өкмөтүнүн башчысы белгилүү болду
Reuters маалымат агенттиги бийликти талиптерге өткөрүп бергенден кийин түзүлө турган өткөөл өкмөттү АКШнын Ооганстандагы оккупациясынын башталышында ички иштер министри болуп иштеген Али Ахмед Жалали жетектээрин жарыялады. Агенттик өз кабарын үч башка дипломатиялык булакка таянып, талип согушкерлери борбор шаар Кабулда чогулуп жаткан кезде чыгарды.
Талиптер бүтүндөй Ооганстанды колуна алганын жарыялады
Маалыматтарга караганда, талип согушкерлери Ооганстандын борбору Кабулдун четине кире баштады. Tалиптер АКШнын союздашы генерал Рашид Достумдун үйүн да басып алышты. Көп өтпөй талиб согушкерлери Достумдун үйүндө тарткан сүрөттөр социалдык тармактарда өз ордун таап, интернетке тарады. НАТО жана Евробиримдик кызматкерлеринин "коопсуз" аймакка которулганын жарыялады. Ал эми АКШ шаардагы элчилигин көчүрө баштады. Орусия болсо Кабулдагы элчилигин эвакуациялоо планы жок экенин жарыялады.
"Талибан" Афганистандын борбору Кабулду да курчоого алды
"Талибан" кыймылынын өкүлдөрү ооган өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Кабулдагы президенттик сарайга келе жатышат. Бул тууралуу ооган өкмөтүндөгү расмий жетекчилердин бири Associated Press агенттигине билдирди. Коопсуздугунан улам атын атагысы келбеген бул жетекчинин айтымында, тараптар өкмөттү талибдерге өткөрүп берүү маселеси жөнүндө сүйлөшөт.
15-августка 332 адамдан COVID-19 табылып, жети бейтап каза болду
Кыргызстанда 15-августка карата коронавирус дагы 332 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.