2025-05-19
Кыргызстандыктар августтун аягында төрт күн катары менен эс алышат

Кыргызстандыктар августтун аягында төрт күн катары менен – 28-29-30-31-август күндөрү эс алышат.
Ош шаарынын мэрлигине Алмаз Мамбетовдун талапкерлиги көрсөтүлдү

Ош шаарынын мэрлигине Алмаз Мамбетовдун талапкерлиги көрсөтүлдү. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Өмүрбек Текебаев Германияга элчи болот

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болот. Бул тууралуу «Марал» радиосу өздүк булактарына таянып жазды. Аталган кабарда маалыматты тактоо максатында Өмүрбек Текебаевдин өзүнөн жооп алууга мүмкүнчүлүк болбогону жөнүндө айтылат.
Кыргызстанда COVID-19дун "альфа" жана "бета" варианттары аныкталды

Кыргызстанда COVID-19дун "альфа" (Улуу Британия) жана "бета" (Түштүк Африка) варианттары аныкталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстандагы кеңсесинин жетекчиси Назира Артыкова брифинг учурунда билдирди.
ЖК депутаты Умбеталы Кыдыралиев мандатын тапшырды

Жогорку Кеңештин “Республика – Ата Журт” фракциясынан депутат Умбеталы Кыдыралиев өз ыйгарым укуктарын тапшырды. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Акыркы суткада 269 адамдан COVID-19 табылып, 5 бейтап каза болду

Кыргызстанда 18-августка карата коронавирус дагы 269 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.