2025-05-19
ИИМ: Улуттар арасындагы кастыкты козутууга аракеттенгендер кылмыш жоопкерчилигине тартылат

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана анын аймактык ички иштер органдары күн сайын социалдык тармактардагы, мессенджерлердеги материалдарды көзөмөлдөөдө.
Жапаров Пакистандын президенти Ариф Алвини өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Пакистан Ислам Республикасынын президенти Ариф Алвини жана жалпы Пакистан элин улуттук майрамы — Эгемендүүлүк күнү менен жеке өзүнүн жана Кыргызстан элинин атынан куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Нурсултан Куштарбек уулу грэпплинг боюнча дүйнө чемпиону болду

Уфада өтүп жаткан өспүрүмдөр арасында спорттук күрөш (грэпплинг) боюнча дүйнө чемпионатында Нурсултан Куштарбек уулу алтын медалды багындырды. Нурсултан кадеттер арасында 63 кг салмакта беттешке чыкты. Ал эми юниорлор арасында 58 кг салмак категориясында күч сынашкан Нурсултан Арзыматов коло медалга ээ болду. Чемпионатка грепплинг боюнча Кыргызстандын атынан жалпы жети спортчу катышты.
520 адамдан COVID-19 табылып, алты бейтап каза болду

Кыргызстанда 14-августка карата коронавирус дагы 520 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Билим берүү министрлиги жаңы окуу жылынын окуу планын маалымдады

КР билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова алдыдагы 2021-2022-окуу жылына окуу планын айтты.
Улуттук банк эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата алтын жана күмүш коллекциялык монеталарын чыгарат

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2021-жылдын 16-августунан тартып Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата «Тарыхый окуялар» сериясындагы «Эгемен Кыргыз Республикасына 30 жыл» алтын жана күмүш коллекциялык монеталарын жүгүртүүгө чыгарат. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирет.
Президент: Милиция ишкердик субъектилерине кийлигишпеши керек

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Экономика жана финансы министрлигинин экономикалык чөйрөдөгү мыйзам бузууларды аныктоо жана аларга бөгөт коюу боюнча ички иштер органдарынын участкалык кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кеңейтүү демилгеси боюнча өз позициясын билдирди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.