AUCA the best 2

2026-02-19

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Афганистандагы абал боюнча билдирүү таратты

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Афганистандагы абал боюнча билдирүү таратты.

zdanie_mida.730x0.jpeg

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, билдирүүдө мындай деп айтылат:

"Кыргыз Республикасы эки өлкөнүн дос элдеринин жалпы тарыхына жана маданиятына таянып, Афганистандын бүткүл көп улуттуу элинин ички саясий туруктуулугуна, коопсуздугуна жана жыргалчылыгына дайыма чын дилинен кызыкдар болгон жана болуп келет.

Биз бул өлкөдөгү кырдаал тез арада турукташып, укуктук талаада жаңы бийлик институттары түзүлөт, бул өлкөнүн бардык саясий жана этникалык топторунун катышуусу менен көп жылга созулган аскердик жаңжал токтотулат жана Афганистанда көптөн күтүлгөн тынчтык, бейпилдик жана туруктуулук орнотулат деп үмүттөнөбүз.

Биз бардык тараптарды максималдуу сабырдуулукка, зомбулукка барбоого жана улутуна, динине, саясий көз карашына карабастан Афганистандын карапайым калкынын коопсуздугун, чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кол тийбестигин камсыздоого, бардык этникалык азчылыктардын, анын ичинде Афганистандын Чоң жана Кичи Памириндеги кыргыздардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле өлкөдөн чыгып кетүүнү каалаган бардык чет өлкөлүк жарандарга Афганистандан эркин чыгуу мүмкүнчүлүгүнө кепилдик берүүгө чакырабыз.

Кыргыз Республикасы жакын арада тартип калыбына келтирилет жана Афганистандагы кризистик кырдаал күч колдонулбай, сүйлөшүү жолу менен чечилип, алдыдагы транзиттик мезгилде дос мамиледеги бүткүл дос афган элин канааттандырган мамлекеттик түзүлүш орнотулат деп үмүттөнөт".

Интервью

 

Жаңылыктар

Конкурс по международному праву имени Филипа Джессапа

Айбек Бакытбеков: вернулся к себе и к настоящей музыке

БААУ менен таанышуу: Ачык эшиктер күнү

12-январь кинорежиссёр Болот Шамшиевдин жарыкка келген күнү

Ташкенттеги конгрессте Усман ибн Аффандын Кураны көрсөтүлдү

БА өлкөлөрү жана Азербайжан медиа багытында кызматташат

Айтматов цивилизациялардын өз ара түшүнүшүүсү жөнүндө жазган - Иманалиев

Биримдик менен гана улуттун иденттүүлүгүн сактап калабыз - Иманалиев

Ташкентте алты мамлекеттин башын бириктирген конгресс башталды

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2