2024-11-01
Түрмөк
Өмүрбек Текебаев Германияга элчи болот
«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болот. Бул тууралуу «Марал» радиосу өздүк булактарына таянып жазды. Аталган кабарда маалыматты тактоо максатында Өмүрбек Текебаевдин өзүнөн жооп алууга мүмкүнчүлүк болбогону жөнүндө айтылат.
Маалыматка көрө, саясатчыга элчи болууга сунуш түшкөн жана керектүү документтери чогултулуп, Германияга кароого жөнөтүлгөн. Элчиликке дайындалуу боюнча акыркы чечимдин 10-сентябрга чейин чыгуусу күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, учурда Кыргызстандын Германиядагы элчиси кызматын Эрлан Абдылдаев аркалайт. Ал аталган кызматка ушул жылдын 13-майында дайындалган.