Ооганстандын президентинин Тажикстанга качканы айтылууда

Ооган президенти Ашраф Гани талибдер борбор шаар Кабулга киргенден кийин кечке жуук Кабул аэропортунан учкан учак менен өлкөсүнөн чыгып кеткен.
REUTERS: Ооганстандын убактылуу өкмөтүнүн башчысы белгилүү болду

Reuters маалымат агенттиги бийликти талиптерге өткөрүп бергенден кийин түзүлө турган өткөөл өкмөттү АКШнын Ооганстандагы оккупациясынын башталышында ички иштер министри болуп иштеген Али Ахмед Жалали жетектээрин жарыялады. Агенттик өз кабарын үч башка дипломатиялык булакка таянып, талип согушкерлери борбор шаар Кабулда чогулуп жаткан кезде чыгарды.
Талиптер бүтүндөй Ооганстанды колуна алганын жарыялады

"Талибан" Афганистандын борбору Кабулду да курчоого алды

"Талибан" кыймылынын өкүлдөрү ооган өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Кабулдагы президенттик сарайга келе жатышат. Бул тууралуу ооган өкмөтүндөгү расмий жетекчилердин бири Associated Press агенттигине билдирди. Коопсуздугунан улам атын атагысы келбеген бул жетекчинин айтымында, тараптар өкмөттү талибдерге өткөрүп берүү маселеси жөнүндө сүйлөшөт.
15-августка 332 адамдан COVID-19 табылып, жети бейтап каза болду

Кыргызстанда 15-августка карата коронавирус дагы 332 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Оштун борбордук аянтына жөө адамдар үчүн фонтандарды куруу пландалууда

Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов шаардын борбордук аянтына жөө адамдар үчүн фонтандарды куруу долбоорунун алдын ала эскизи менен таанышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
ИИМ: Улуттар арасындагы кастыкты козутууга аракеттенгендер кылмыш жоопкерчилигине тартылат

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана анын аймактык ички иштер органдары күн сайын социалдык тармактардагы, мессенджерлердеги материалдарды көзөмөлдөөдө.






