2025-01-10
Түрмөк
Айтурган Темирова "Манас" орденин жана Франциянын сыйлыгын алды
Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен калың элдин сүймөнчүгү, белгилүү актриса Айтурган Темирова III даражадагы Манас ордени менен сыйланды.
Айтурган Темированын дүйнөлүк искусство жаатындагы көрүнүктүү жетишкендиктерин француз өкмөтү да баалап, абройлуу Исскуство жана адабияттын офицери (Officier de l’Ordre des Arts et des Lettres) наамын ыйгарды!
Искусство жана адабият ордени Франциянын төрт ведомстволор аралык сыйлыгынын бири. Орден 1957-жылдын 2 -майында «көркөм же адабий чөйрөдөгү жетишкендиктери же искусство менен адабиятты Францияда жана дүйнөдө жайылтууга кошкон салымы менен айырмаланган адамдарды» сыйлоо максатында түзүлгөн. Сыйлык жөнүндө чечимди Франциянын Маданият жана байланыш министри Орден Кеңеши менен биргеликте кабыл алат.
Айтурган Темированын кино актриса, эстрадалык аткаруучу, коомдук ишмер, кайрымдуу жана ак ниет элчи катары көп жылдык талыкпаган эмгеги Кыргызстан менен Франция тарабынан жогорку мамлекеттик деңгээлде бааланды.
Айтурган Темированын чын жүрөктөн куттуктайбыз! Жашооңузда бактылуу ирмемдер арбын болсун! Сизге узун өмүр жана чың ден-соолук тилеп, жаңы чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!
Айтурган Темированын кыскача өмүр таржымалы
Ата мекендик белгилүү киноактрисалардын бири, чыныгы элдик артист Айтурган Темированын ысымы кыргыз киносу менен ажырагыс байланышта. Анын чыгармачылык карьерасы мындан 50 жыл мурун Болотбек Шамшиевдин «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» фильми менен башталган. Кийинчерээк Айтурган Темиров менен көп жылдар бою тагдыр жолдору байланышкан жаш режиссер (Болотбек Шмшиев), ал кезде мектеп окуучусу болгон жаш кыз – Айтурган Темированын, өтө тез убакытта дүйнөлүк масштабдагы кино жылдызына айлануусуна өбөлгө болгон өздүк тереңдикти жана боорукердикти, каармандарга жараша өзгөрүү жөндөмдүүлүгүн көрө алган.
1972-жылы Тбилисиде өткөн Бүткүл Союздук кинофестивалда Айтурган Темированын актёрдук чеберчилиги жогору бааланып, ага эң мыкты дебют сыйлыгы ыйгарылган. Терең драмалык көрүнүштөн комедияга чейинки - экрандагы ар кандай образдарды чагылдыруу жөндөмү, көп жылдар бою жан аябастык менен иштегендиги жана образдын жана баяндын аныктыгы үчүн түзмө-түз өзүн-өзү курмандыкка чалуу мүмкүнчүлүгү Айтурган Темированы кыргыз киносундагы эң көп талап кылынган актрисалардын бири кылды. Ал биринин артынан бири болуп, – «Ак кеме», «Эрте келген турналар», «Бөрү зындан» сыяктуу көптөгөн тасмаларга тартылды жана ал тасмалар атактуулукка жетишти. Сүйүктүү актрисанын катышуусунда тартылган ар бир тасманы миллиондогон көрүүчүлөр көрүп, профессионалдык коомчулук кинофестивалдарда башкы жана атайын сыйлыктарды тапшырышкан.
1987-жылы Чынгыз Айтматовдун жеке өзү Айтурган Темированын кыргыз улуттук киносунун өнүгүшүнө кошкон зор салымын белгилеп, ага Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти наамын берүүнү сунуштаган. Белгилүү жазуучу – Айтурган Темированын экранда жалпысынан жыйырмадай жаркын, өзгөчө аял образдарын чагылдырган талантын «кайталангыс, көп кырдуу талант» деп сүрөттөгөн.
Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти наамынан тышкары, Айтурган Темировага Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы ыйгарылды, ошондой эле дагы башка көптөгөн сыйлыктар жана наамдар, анын ичинде Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевдин жарлыгы менен белгилүү кыргыз актрисасына II даражадагы «Достық» ордени берилген. Бул жогорку сыйлык Айтурган Темировага Болотбек Шамшиевдин «Снайперлер» тасмасында легендарлуу советтик снайпер, Советтер Союзунун Баатыры, казак аялы Алия Молдагулованын ролун мыкты ойногондугу үчүн берилген.