2025-01-10
Ош шаарында Түрк кеңешинин жаш лидерлеринин III форуму өтөт
Ош шаарында Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнүн 30 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралардын алкагында Түрк кеңешинин Жаш лидерлеринин үчүнчү форуму өтөт.
Кыргызстанда 15-сентябрдан тартып окуу процесси салттуу режимде өтөт
Үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрынан тартып Кыргызстандын билим берүү мекемелериндеги окуу процесси оффлайн-режиминде өтөт. Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды.
Мирлан Мурзаев Индиянын “Ченнаи” клубуна өттү
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаев Индиянын Суперлигасында ойногон “Ченнаи” клубуна өттү. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмеси билдирди.
Коопсуздук кеңешинин жаңы курамы бекитилди
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин айрым маселелери жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.
Президенттин кубогу. Өзбекстандык көк бөрүчүлөр Бишкекке келди
Өзбекстандын курама командасы көк бөрү боюнча Кыргызстандын президентинин кубогу үчүн эл аралык мелдешке катышуу максатында Бишкекке келди. Бул тууралуу Кыргызстандын көк бөрү федерациясынан билдиришти.
Кыргызстандык спортчулар Паралимпиада оюндарынын ачылышына катышты
Кыргызстандын курама командасы Токиодогу XVI Паралимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Спорттун олимпиадалык эмес түрү боюнча дирекциясынын маалымат кызматы билдирди.
25-августка карата 229 адамдан COVID-19 табылып, төрт бейтап каза болду
Кыргызстанда 25-августка карата коронавирус дагы 229 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.