2025-01-10
Түрмөк
Патрулдук милициянын кызматкери пара менен кармалды
Бишкек ШИИББнин Патрулдук милиция кызматы башкармалыгынын кызматкери пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.
Атайын кызмат Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы менен бирдикте 64 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Патрулдук милиция кызматы башкармалыгынын кызматкери «А.А.К.» аттуу жаранды кармады.
Такталган боюнча, Патрулдук милиция кызматынын башкармалыгынын кызматкери таанышы менен жең учунан сүйлөшүп алып, Бишкектин тургуну «С.К.Б.» 100 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган. Аны зордуктоо фактысы боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркуткан.
Бирок укук коргоо органдарында бул тургунга карата зордуктоо же башка укук бузуу фактылары катталган эмес.
Патрулдук милициянын кызматкерине Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмү (Пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ачылды. Ал тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүү үчүн убактылуу кармоочу жайга киргизилди.