AUCA the best 2

2025-11-01

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

8-сентябрда Нарында II «Ийгиликке кадам» медиафоруму башталат

Эртең, 8-сентябрда Нарын шаарында «Ийгиликке кадам» II республикалык медиафорум өз ишин баштайт. Кыргыз тилдүү журналисттер үчүн уюштурулуп жаткан 2 күндүк форумда аймактык медианын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу сөз болот.

iygilikke-kadam-2021.jpg

Белгилүү кыргыз жана чет өлкөлүк медиа адистер социалдык тармактар жана медиа, медиадагы тил маселеси, гендердик маселелерди жана майыптардын жагдайын туура чагылдыруу, юридикалык жана санариптик коопсуздук, COVID-19 пандемиясы учурундагы медианын каражат булактары жана каржылоонун моделдери, шайлоону чагылдыруу маселелери сыяктуу темалар боюнча өз ойлору менен бөлүшүп, талкуулар уюштурулат.

Форумдун жүрүшү, анда көтөрүлгөн маселелер, талкуулар тууралуу кенен маалыматтарды «Кабар» улуттук маалымат агенттиги«ПолитКлиника Медиа»Prevention Media сайттары жана «Марал» радиосунан алса болот. Аталган медиалар Нарындагы форумдун маалыматтык өнөктөштөрү болуп саналат.

Ошондой эле медиафорумдун жүрүшүн 8-9-сентябрда «Журналисттер» коомдук бирикмесинин Фейсбуктагы баракчасындагы түз эфирден көрсө болот.

«Ийгиликке кадам» II медиафорумуна республикабыздын булуң-бурчунан 70ке жакын кыргыз тилдүү журналист жана медиа адис катышары болжолдонууда.

Нарындагы медиа иш-чаранын өткөрүлүшүнө IFEX, USAID, IFES, ЕККУнун Бишкектеги Программалык офиси, Жарандык коомдун Прагадагы борбору жана Kyrgyz Concept сыяктуу эл аралык уюмдар жана кыргызстандык жеке компаниялар көмөк көрсөтүп жатат.

Эскерте кетсек, «Ийгиликке кадам» медиафоруму – кыргыз тилдүү журналисттердин маселелерин талкуулоо жана алардын адистигин жогорулатуу максатындагы республикалык иш-чара болуп эсептелет. Аны өткөрүү демилгеси «Журналисттер» коомдук бирикмесине таандык. Медиафорум ар эки жылда бир жолу өткөрүлүп турат. I медиафорум 2019-жылы Ош шаарында өткөрүлүп, ал өлкөбүздүн ийгиликүү медиаларынын иш-тажрыйбасы менен бөлүшүүгө арналган болчу.

Иш-чара тууралуу кененирээк маалыматты форумдун сайтынан таба аласыздар — http://kadam.hostenko.net.

Булак: Марал

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2