2025-05-19
Президент Жапаров Ысык-Көлдү узунунан сүзүп өткөн Владислав Шуликого 500 миң сом бөлдү

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-сентябрда, кыргызстандык суучул, спорт чебери Владислав Шулико менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
ӨКМ: Кеминде токойдон өрт чыкты

Кемин районундагы токойдон өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, 7-сентябрь күнү болжол менен саат 16:25те Чүй облусунун Кемин районундагы Кайыңды айылынын Көк-Жар токойунда өрт чыкты.
«Талибан» жаңы өкмөттүн курамын жарыялады

Ооганстанда бийликке келген «Талибан» кыймылы 7-сентябрда жаңы түзүлгөн убактылуу өкмөттүн курамын жарыялады.
Түркия Кыргызстанга 150 миң доза Sinovac вакцинасын берет

7 -сентябрда Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган менен кездешти.
Коронавирус 97 кишиден табылып, 4 адам каза болду

Бүгүн, 8-сентябрга карата 97 адамдын коронавирус жугузуп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
ИИМ: Сүйүн Өмүрзаков Ош шаарында жергиликтүү тургундар менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков Ош шаарында ыкчам өткөргөн чогулуштан кийин Ош шаарынын тургундары менен жолугушуп, алардын коомдук тартиптин сакталышы, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча ой-пикирлерин жана сунуштарын укту. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
Бишкекте атылган айдоочу. 22 милиционер жазаланып, төртөө камакта

Бишкекте атып өлтүрүлгөн айдоочу боюнча иштин алкагында укук коргоо органдарынын 22 кызматкери жоопко тартылды. Бул тууралуу ЖКнын транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында ИИМ жетекчисинин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.