Токмокто соцшаарча, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн жатакана жана мектеп-лицей ачылды

Чүй облусунун Токмок шаарында бир катар социалдык объектилердин: аяр катмардагы үй-бүлөлөр жана көп балалуу жалгыз бой аялдар үчүн (104 үй-бүлө) социалдык шаарчанын, Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин аймагындагы ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн эркектер жатаканасынын жана 300 окуучулук орунга эсептелген, жатаканасы каралган «Аманат-Токмок» жаңы мектеп-лицейинин ачылышы болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.
Садыр Жапаров ЖККУнун саммитине катышуу үчүн Душанбедеги «Улут сарайына» келди

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн «Улут сарайына» келди.
Бишкектеги бала бакчалар 20-сентябрдан тарта иштей баштайт

2021-жылдын 20-сентябрынан тарта бала бакчалардын иши кичи топторго бөлүнбөй кайра жанданат.
Кыргыз-чех биргелешкен бизнес форумун уюштуруу талкууланды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Чехиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Гикл Рудольф менен жолукту.
Минэнерго: Добыча урана не разрешена

Уран кенин иштетүүгө уруксат берилбейт

Казакстанда ПЧР тестин сатууга айыпталган дарыгерге өкүм чыкты

14-сентябрда Актөбө соту ПЧР тесттин жалган аныктамасын сатты деп айыпталган дарыгер менен анын күйөөсүнө карата өкүм чыгарды. Сот өкүмү күчүнө кирсе, жоопкерчиликке тартылган жубайлардын ар бири 200 айлык эсептик көрсөткүч көлөмүндө (1300 доллар) айыппул төлөйт.






