AUCA the best 2

2025-10-30

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Токмокто соцшаарча, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн жатакана жана мектеп-лицей ачылды

Чүй облусунун Токмок шаарында бир катар социалдык объектилердин: аяр катмардагы үй-бүлөлөр жана көп балалуу жалгыз бой аялдар үчүн (104 үй-бүлө) социалдык шаарчанын, Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин аймагындагы ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн эркектер жатаканасынын жана 300 окуучулук орунга эсептелген, жатаканасы каралган «Аманат-Токмок» жаңы мектеп-лицейинин ачылышы болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

20430_1631774930_lg.730x0.jpeg

Социалдык объектилердин ачылышына Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, «Ас-Сафа» Кувейт кайрымдуулук фондунун төрагасы Мухаммед Абдулрахман Алшайа жана фонддун төрт өлкөдөгү спонсорлорунун делегациясы катышты.

Жылдыз Бакашова чыгыш өлкөлөрүнүн спонсорлоруна, «Ас-Сафа» Борбору коомдук бирикме өкүлдөрүнө ар тараптуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди жана мекендештерди жаңы конушу менен куттуктады.

«Биздин өлкө калктын жашоо деңгээлин жана социалдык абалын жакшыртуу үчүн максаттуу мамлекеттик саясатты жүргүзүүдө. Өз кезегинде сиз ишке ашырып жаткан долбоорлор бул саясатты ишке ашырууга чоң салымын кошууда. Көп жылдар бою «Ас-Сафа» кайрымдуулук фонду калктын аярлуу катмарынын социалдык жана экономикалык абалын жакшыртуу үстүндө иш алып барууда. Мамлекетибизди колдоо үчүн жасаган кайрымдуулук ишиңиз Кыргыз Республикасынын Президенти жана кыргыз эли тарабынан ар дайым жогору баалана тургандыгын белгилей кетүү керек», - деди ал жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинетинин атынан «Ас-Сафа» кайрымдуулук фондуна ыраазычылык билдирди.

Маалымдама: Аянты 31 миң метр кв эсептелген социалдык шаарчада 104 үй-бүлө үчүн турак-жай курулуп, эмерек жана турмуш-тиричилик техникасы менен жабдылган, 25 жумуш орду каралган тигүү цехи, фельдшердик-акушердик пункт, азык-түлүк дүкөнү, балдар аянтчасы жана футболдук талаа, ошондой эле мечит курулган.

Бул социалдык шаарча республикадагы бешинчи шаарча болуп саналат, анткени, мурда «Ас-Сафа Борбору» тарабынан Чүй облусунун Садовое, Чым-Коргон, Октябрьское айылдарында жана Баткен шаарында ушундай шаарча курулуп, ишке берилген.

Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин аймагындагы ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген эркектер жатаканасы 75 адамга эсептелип, имаратта тургундар, дарыгерлер жана кызматкерлер үчүн бөлмөлөр, ашкана жана санитардык түйүндөр каралган.

«Аманат-Токмок» мектеп-лицейи - бул спорт залы, эки жатаканасы, ашканасы, устаканасы жана нан бышыруучу жайы бар эки кабаттуу окуу имараты. Бул жерде аяр катмардагы үй-бүлөлөрдүн балдары билим алышат. Учурда 11 класс комплекттештирилген, окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлүүдө.

Булак: Кабар

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2