AUCA the best 2

2025-01-10

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Жапаров Тажикстанда чек ара боюнча маселени көтөрдү

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда, Душанбе шаарында Жамааттык Коопсуздук Кеңешинин (ЖККУ) сессиясында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча маселени көтөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

18145555553840.jpg

Ал кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы чыңалуунун сакталышы кыргыз тарап Уюмга мүчө болгон бардык мамлекеттердин буга өзгөчө көңүл бурууга милдеттендирерин белгиледи.

«Кыргыз Республикасы тынчтыкты сүйгөн, ачык жана демократиялуу мамлекет болуп саналат, өзүнүн көз карандысыздыгынын алгачкы күндөрүнөн тартып коңшу өлкөлөр жана дүйнөдөгү башка мамлекеттер менен жалпы ырааттуу, достук, ынак коңшулук жана тең салмактуу саясатты жүргүзүп келет. Өлкөлөр ортосундагы талаштуу маселелерди тынчтык жолу менен жана саясий жана дипломатиялык ыкмалар менен гана сүйлөшүү столунда чечүү зарылдыгы боюнча Кыргызстандын көз карашы өзгөрүүсүз калат», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Региондогу абалды эске алуу менен Садыр Жапаров бир катар сунуштарды, анын ичинде ЖККУга мүчө болгон мамлекетке уюмга мүчө башка өлкө тарабынан куралдуу кол салуу болгон учурда Уюмдун алкагында ыкчам чара көрүү жана чечим кабыл алуу механизмдерин иштеп чыгууну айтты.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын көңүлүн кыргыз тарап Уюмдун анын ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында өнөктөштөр менен өз ара кызыкчылык жараткан бардык маселелер боюнча стратегиялык сүйлөшүүлөрдү улантуу ниети бар экенине бурду.

Интервью

 

Жаңылыктар

Өзбекстандын алдыңкы мектеби беш жылдыгын белгиледи

СӨЗ АТАСЫ – ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВГО ПОЛВОН МУХИДДИНДЕН КАТ

«Атбашы» соода-логистикалык борборунун курулушунун биринчи этабы аяктады

Түрк дүйнөсүнүн экономикасындагы аялдардын орду талкууланды

Түрк дүйнөсүнүн экономикасын өнүктүрүүдөгү аялдардын ролу талкууланды

Женщины тюркского мира объединяются для экономического прорыва

e-com EXPO: Открой мир возможностей электронной коммерции

Как субботники меняют мышление Кыргызстана. Интервью с Айжан Чыныбаевой

Какие изменения произошли в Американской торговой палате в Кыргызстане

Назира Бейшеналиеванын алты жылдагы алгылыктуу иштери

Ысык-Көлдө КМШнын жаш тескөөчүлөрүнүн сынагы болуп жатат

Мейкерспейс АУЦА – новое пространство для учёбы и творчества

БААУнун багыт алуу программасы - уникалдуу мүмкүнчүлүк

БААУнун президенти Тимоти О'Коннор жаңы окуу жылы менен куттуктады

БААУ: магистрдик билим ал (программалар)

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2