2025-01-10
Кыргызстанга Түркиянын вице-президенти Фуат Октай келди
Кыргызстанга Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-кеңешмесине катышуу үчүн Түркия Республикасынын вице-президенти Фуат Октай келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.
Кыргызстанга Sinovac вакцинасынын 150 миң дозасы келди
Кыргызстан менен Түркиянын эки тараптуу макулдашуусунун алкагында бүгүн, 9-сентябрда өлкөгө гуманитардык жардам катары Sinovac вакцинасынын 150 миң (75 миң адамга) дозасы келди.
Индиялык ишкерлер Кыргызстанда бал жана кургатылган мөмөлөрдү кайра иштетүүчү ишкана ачууга кызыкдар
Үстүбүздөгү жылдын 7-сентябрында КР айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Илич Марсбек уулу Индиядан келген бизнес делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.
Венгрияда Кыргызстандын элчилиги ачылат
Венгрияда Кыргызстандын элчилиги ачылат. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Кадамжайда дайынсыз болуп жаткан баланын сөөгү табылды
Кадамжайда дайынсыз болуп жаткан баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Өзбекстанда эмдөөдөн өткөн студенттерге окуу акысын төлөөдө 10% жеңилдиктер берилет
Өзбекстанда жогорку окуу жайлардын күндүзгү бөлүмдөрүндө окуган студенттер 1-ноябрга чейин коронавируска каршы эмдөөдөн өтсө, 2021-2022-окуу жылында базалык окуу акысын төлөөдө 10% жеңилдиктер берилет. Бул тууралуу өлкөнүн Билим берүү министрлиги кабарлады.
Чет өлкөлөрдөгү мекендештер үчүн 57 добушкана ачылат
Кыргызстанда 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоодо чет өлкөдө жашаган мекендештердин добуш берүүсү үчүн шайлоо тилкелери көбөйтүлөт.