AUCA the best 2

2025-10-30

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Жапаров Лондон ассоциациясынын чечими боюнча пикирин билдирди

Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров Лондондогу Баалуу металлдар рыногу ассоциациясынын (LBMA) «Кыргызалтын» ишканасын ишенимдүү жеткирүүчү компаниялардын тизмесинен чыгаруу чечими боюнча пикирин «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

akylbek-zhaparov-prizval-strany-eaes-otkazatsya-ot-ispolzovaniya-dollara.jpg

Анын айтымында, ассоциациянын чечими күтүлгөн иш болчу.

«Жокко чыгаруу убактылуу гана иш, башкача айтканда, жакында калыбына келтирилиши мүмкүн экенин белгилеп кетким келет. Канадалыктар Кыргызстандын элине, республиканын экономикасына жана экологиясына келтирген зыяны үчүн кечирим сурап, бардык жоготууларды кайтарып, тынч жол менен кетет деп эч ким күткөн эмес», — деп жазды ал.

Аны менен бирге Жапаров канадалык компания тараптан башка тоскоолдуктар жана «кыйынчылыктар» болушу мүмкүн экенин айтып, ал нерселер эске алынарын билдирди.

«Адеп баштаганда эле биз алтыныбызды жеткирүүнүн жаңы каналдарынын үстүндө иштей баштаганбыз. Учурда да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Азырынча шарттар мурдагыдан начар болбойт деп айта алам», — дейт ал.

Жапаровдун айтымында, бул санкциялардын аркасы менен өлкөбүзгө алтын резервдерин түзүүгө, зергерчилик тармагын өнүктүрүүгө болот.

Белгилей кетсек, Лондондогу Баалуу металлдар рыногу ассоциациясы «Кыргызалтын» ишканасын ишенимдүү жеткирүүчү компаниялардын тизмесинен чыгаргандан кийин Кыргызстан алтынды дүйнөлүк баада сата албай турганы айтылууда.

Булак: Марал

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2