2024-11-01
Түрмөк
Аалы Карашев: Билим берүүгө инвестиция салмайын бакубат коом курулбайт
“Kereez Media” Жогорку Кеңештин депутаты, коомдук жана мамлекеттик ишмер Аалы Карашев менен акыркы орчундуу маселелердин айланасында кеп кылды.
- Саламатсызбы, Аалы Азимович! Алгач убактыңызды бөлүп, маектешүүгө келгениңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Айтсаңыз эмгек өргүүсү учурунда эмнелер менен алектендиңиз?
- Бул жылы Жогорку Кеңеш өзгөчө иштеди. Өзүнүн кезексиз сессиясын кылып, июль айынын аягына чейин жумушун алып барды. 1-августтан 1-сентябрга чейин кезектеги эмгек өргүүгө чыктык. Мен жеке өзүмдү айтсам башында он күндөй эс алдым, андан кийин жумушка чыктым десем болот. Мыйзам долбоорлорунун үстүндө иштеп, өкмөткө да сунуштарды, кеңештерди берүүгө аракет кылып жатам. Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн. Акыркы кабыл алынган можаритардык жана пропорционалдык системага ылайык 36 депутат 1 мандаттуу округдан ал эми 54 депутат партиялык тизме менен пропорционалдык система менен шайланат. Мына ошол 36 бир мандаттуу округдун аймактарынын чектерин түзүү боюнча ведомстволор аралык топто иш алып бардым. Ага парламенттин 5,6 депутаты мүчө болгон.
- Парламенттеги депутаттардын арасында эл таанып билген саналуу гана депутаттар бар. Шайлоочулар көпчүлүгүн тааныбайт деле. Кээ бир депутаттарды кылык жоруктары менен тааныса, кээ бирлерин ишмердүүлүгү боюнча тааныйт. Биз сиздин атаңызды дагы мамлекеттик ишмер катары билебиз. Өзүңүз дагы көптөгөн жылдардан бери мамлекеттик тепкичтерде келе жатасыз. Вице-премьер-министр болдуңуз, премьер-министрдин милдетин аткаруучу да болдуңуз. Акыркы убактарда ЖКнын депутаты катары иштеп келе жатасыз. Атаңыз Азим Карашев дагы Кадамжай районунда аким болгон, өзүңүз дагы Өзбекстан жана Тажикстан менен чек аралаш Ош облусунда губернатор болгонсуз. Айтсаңыз биздин кошуналарыбыз Өзбекстан жана Тажикстанга чектеш Афганистанда абал оор болуп жатат. Ушул жагдайга кандай баа берет элеңиз. Кыргызстанга кандай коркунучтары бар? Учурдагы мындай абалда Кыргызстан кандай кадамдарды жасашы керек?
- Биринчиден бизде 120 депутат бүгүнкү күндө 6-чакырылышта иштеп келе жатат. Ар бир депутаттын өзүнө жараша абройу, өзүнө жараша ролу бар. Мен абдан сыйлайм аларды. Өзүмдүн кесиптештерим жөнүндө эч кандай пикир айта албайм. Этикага жатпайт. Ар бири өзүнүн деңгээлинде иштеп келе жатат. Баары тең аракет кылып, жакшы иштеп келе жатат деп айтат элем. Анан эми ооба, атам да мамлекеттик кызматкер болуп иштеп, 1992-жылы биринчи мамлекеттик администрация институту киргизилген Кара-Кулжа районунда аким болгон. Өзгөн районунда мамлекеттик администрацияга башчы болуп, Тогуз-торо районунда аткаруу комитетинин төрагасы болуп иштеген, анан Кадамжай районунда иштеп, кийин пенсияга кетти. Мен Ош облустук мамлекеттик администрациясында губернатор болуп, 2007-2009-жылдары иштедим. Мындай айтканда “чоңураак” саясатта жүргөнүбүзгө 15 жылга жакындап калды.
Афганистандагы окуяга келсек, мен эч кимге каалабайт элем мындайды. Бүт дүйнөлүк коомчулук ушуга кунт коюп, ушуга абдан көңүл буруп карап турат. Дүйнөдөгү ар бир мамлекетте тынчтык болсо деп тилейм. Анткени адамдын өмүрү баарынан кымбат. Кайсы гана өлкө болбосун адамдын, инсандын жашоосу үчүн шарт түзгөн мамлекет болсо экен деп тилек кылабыз. 1999-жылкы окуяларда кыргыз жерине да жанкечтилер келген. Азыр ЖККУнун алкагында дагы президент тарабынан чогулуштар өттү. Ал жерде да ар кандай ой-пикирлер айтылып, сунуштар берилди. Тобокелчиликтер көп, мына ошону тийиштүү атайын мамлекеттик кызматтар, коргоо органдары, ошондой эле жергиликтүү бийлик баары биригип, системалуу түрдө ар бир нерсесин талдап, ошого жараша иш алып барыш керек деп айтат элем. Акыркы күндөрдө социалдык тармактарда дагы абдан катуу талкуу болуп жатат: “башка жактан келгендер көбөйүп кетти, эмне себептен карантинге Кыргызстанга келет” деп. Ушундай жактарынан дагы этияттык менен мамиле кылышыбыз керек. Эл ансыз деле кабатыр болуп жатат. Анын ичинде баарыбыз, мен деле. Бүт дүйнөлүк коомчулук тынчсызданып жатат. Тынчсызданууга эч кандай себеп калтырбай, ага жеткизбешибиз керек деп айтат элем. Алдын ала ушундай тийиштүү жумуштарды алып барыш керек. ЖККУнун алкагында да алдын ала чаралар көрүлүп туруш керек. Биздин борбор Азия мамлекеттеринде Тажикстанбы, Өзбекстанбы, Казакстанбы, Кыргызстанбы же Түркмөнстанбы анын бетин ары кылсын деп айтат элем. Ошон үчүн алдын ала чаралар көрүлүш керек.
- Бишкек шаарында андан сырткары, Жалал-Абад, Ош шаарында жашап, иштеп жаткан көптөгөн жаштарда, жарандарда турак-жай маселеси бар. Мына ошол ипотека мыйзам долбооруна өзүңүздүн сунуштарыңызды бердиңиз эле. Ушул боюнча айта кетсеңиз. Канча пайызга түшүрүлдү пайыздар, кандай шарттар менен берилет, анан кайсы убакыттан баштап берилет. Кимдерге берилет?
- Союз тарагандан бери эле биздеги эң чоң көйгөйлөрдүн бири элди турак-жай менен камсыз кылуу маселеси. Союз убагында деле көйгөйлөр болгон. Өзгөчө акыркы эгемендүү болгондон кийинки жылдарда бул көйгөй күчөдү. Бизде элдин саны өсүп жатат, 4,5 миллиондон бүгүнкү күнү 6,5 миллионго жетип жатабыз. Көптөгөн жаш үй-бүлөлөр курулуп жатат. Болсун, бул жакшы. Бирок биз ушул жаш үй-бүлөлөргө шарттарды түзүшүбүз керек да. Бул боюнча аракеттер болгону менен көзгө көрүнүктүү эч нерсеге жетише алган жокпуз. 2015-жылы атайын мамлекеттик ипотекалык компания түзүлүп, ипотека жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Быйыл ошол мыйзамды карап көрсөк, азыркы убакытка шайкеш келбеген жерлери бар. Жөнөкөй катардагы кызматкерлер, айлык акыга жашаган кызматкерлер, мамлекеттик кызматта иштеген жаш үй-бүлөлөр аны алганга шарты жетпей калып жатат. Эмне себептен? Биринчиден мыйзамда ипотекалык насыянын базалык ставкасы 10 пайыз болуш керек деген берене кирип калган. Балким ал 5 жыл, 7 жыл мурда ошондой болчу, 14-16%дан да берилип жаткан. Бирок ипотека кийин 8%дан керек болсо 6,5%, кээ бир жеңилдетилгендери 6%дан бериле баштабадыбы. 10%дыгы жана 12%дыгы бар дегендей. Ошондуктан мыйзамда көрсөтүлгөн базалык ставканын 10% дегенин алып эле коюш керек. Мамлекеттик ипотекалык компания дагы өзүнүн программасын иштеп чыгып, ошол программасында жазып жатат: “биз 5-6 жылдын ичинде 4%га чейин түшүрөбүз” деп. Бүгүнкү күндө реалдуу 6-6,5%дан берсе болот. Бирок жыл өткөн сайын мындан да төмөндөтүп кетсе болот. Бул биринчиси. Экинчи жаңылык, мурда ипотека алам дегендер жалпы сумманын 10%ын төлөш керек болчу. 3 млн сомдук батир алам десең анда 300 миң сом төлөш керек болгон. Алган айлыгы болгону 15-20 миң болсо, 300 миң сомду кайдан табат? 300 миңди табыш үчүн алар дагы жок дегенде 5 жыл иштеш керек болот. Мына ошон үчүн алгачкы төлөмдү жокко чыгардык. Парламент бул демилгени бир добуштан колдоп берди. Бүгүнкү күндө аны биринчи төлөмү жок эле алса болот. Анын өзүнүн тийиштүү талаптары бар. Дайым иштеген кызматың болуш керек, төлөй ала турган болушуң керек дегендей. Үчүнчүсү, буга чейин 5 жылдык мөөнөт менен эсептелчү ипотеканын пайыздары эсептелгенде 15 жылдан кем эмес деп эсептелип жатат, демек үстөк пайыз андан дагы төмөндөш керек болчу.
Биз сунуштаган мыйзам долбооруна жалпы үч жаңылык киргизилди. Мунун баары тең ошол өзгөчө турак-жайы жокторго, жаш үй-бүлөлөргө кичине болсо да көмөк, колдоо болсун деген максат менен иштеп чыгып демилгеледим. Муну мамлекеттик ипотекалык компания менен биргеликте чогу кеңешип иш алып барып, ушул жыйынтыкка жетише алдык. Азыр ошол мыйзамды депутаттарыбыз да бир добуштан колдоп берди. Бүгүнкү күндө күчүнө кирди, эми жеңил шарттарда алса болот. Айтайын дегеним бүгүнкү күндө кезекте тургандар көп. 15 миңдей киши кезекте турган, анын 5 миңден ашууну алды. 10 миңдей расмий түрдө кезекте тургандар бар. Мүмкүн бул мыйзам кабыл алынгандан кийин ал сан 10 миң эмес, 30 миң болушу мүмкүн. Мамлекеттик ипотекалык компания дагы инвесторлорду издеп жатат, акча каражатын издеп жатат. Акча каражатына жараша үйлөр берилет. Президентибиз да 5-майда кыргыз элине кайрылуу кылбадыбы, ошондо Садыр Нургожоевич айтып кетти, өзгөчө турак-жай менен камсыз кылууга көңүл бөлөм деп. Кредиттик жана ипотекага багытталган акчаны 25-30 миллиардга чейин жеткизишибиз керек деп милдет койду. Бүгүнкү күндө ал 3-4 миллиарддын тегерегинде берилип жаткан. Бул буйруса 3-4 жылдан кийин 20 миллиардга чыкса, көптөгөн жаштарды турак-жай менен камсыз кылууга шарт түзүлмөк. Буйруса бул мына күчүнө кирди, иштей баштады, эми ошону акырындык менен иштетип алып кетиш керек.
- Дагы бир сурообуз, сиз көпчүлүк саясатчылардан айырмаланып, аткаруу бийлигинде да, мыйзам чыгаруу бийлигинде да иштеп көрдүңүз. Эки жактын эмне айырмачылыктары бар?
- Туура айтасыздар мамлекеттик кызматка келгенден баштап аткаруу бийлигинде иштеп калдым десем болот. Көпчүлүгүндө президенттик администрацияда иштедим, облассттык жергиликтүү мамлекеттик администрацияда иштедим, өкмөттө иштедим. Кыска мөөнөттө болсо да вице-премьерлик кызматын үч жолу аркаладым. Анын ичинде эки жолу вице-премьер болдум. Эми убактысы 5, 8, 9 айга чейин иштеп жаттык. Бул мен үчүн чоң мектеп болду десем болот, тажрыйба алдым, сабак алдым дегендей. Жалпысынан 20 жылдай иштедим аткаруу бийлигинде. Аткаруу бийлигинде иштеген абдан кызыктуу, түздөн-түз эл менен иштешесиң, түздөн-түз барып жеринде маселелерди чечесиң, көйгөйлөрдү чечесиң. Областта иштегенде да көптөгөн көйгөйлөрдү чечтик. Мисал үчүн 2007-жылдын жыйынтыгы менен, мен Ош облусттук мамлекеттик администрацияга келгенде өнөр-жай продукциясынын көлөмү 494 млн сом эле болчу чоң облус болгонуна карабай. Биз эки жыл иштеп, кесиптештерибиз менен аракет кылып, эки жылда эки эсе көтөрөбүз деп өзүбүзгө максат койгонбуз. Бирок эки жылдан кийин 2,5 эсеге көтөрө алдык. Ошондо 1 млрд 200 млн сомдун тегерегине чыгардык көлөмдү.
Мен иштеп жүргөн убакта Нурада, Папанда жер титирөө катталып, кырсык болду, адамдар мерт кетти. Ошол учурларда уюшкандык менен иштеп, элдин жанында болдук. Элди тынымсыз тамак-аш жана керектүү каражаттар менен камсыз кылып турдук. Эл жашаган чатырда жашап, алар менен күнү-түнү бирге болдук. Ал кездер бүгүнкү күнгө чейин эсимде. Ошол аралыкта жүргөндөр да эсимде бар. Анан эми аткаруу бийлигинде жумуш көп, абдан көйгөй көп. Эрте мененки 7 жарым, 8ден түнкү саат 10-11ге чейин иштеген күндөр болгон өкмөттө иштеп жүргөндө. Кээде үй-бүлөңдү, балдарыңды эки-үч күндөп көрбөй калган да күндөр да болот эле. Эрте менен туруп кеткенде алар ойгоно элек болот, кечинде келгенде уктап калышкан болот. Ошон үчүн аткаруу бийлиги абдан кызыктуу, абдан чоң тажрыйба, мектеп болду деп айта алам.
Андан кийин 2017-жылы январь айынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп, мандат алдым. 47-тизмеде болчумун. Кезек келгенде депутат катары ишмердүүлүгүмдү баштадым. Жогорку кеңештин табияты такыр башка. Бул жерде дагы эл менен түздөн түз иштешесиң, шайлоочулар менен иштешесиң, сага ишеним көрсөткөндөн кийин дайым көйгөйлөрдү көтөрөт, элдин көйгөйүн аткаруу бийлигине, мамлекет башчыга чейин жеткизесин. Элдин көйгөйүн чечүү үчүн маселе көтөрүп, мектептердин, жолдордун, дамбалардын курулушуна, суунун чыгарылышына, көмөк көрсөтүп, ал долбоорлорду өкмөткө сунуштайсын.
Экинчи жагынан мыйзамдарды демилгелеп чыгаргандан кийин, мисалы жогоруда айтылган ипотека жөнүндөгү мыйзамды айтсак болот, ошол иштей баштаса, аны көрүп өзүң да канааттанат экенсиң. Жеке демилгелеген ипотекадан башка дагы көп мыйзамдардын авторлорунун бири болдум.
Бирок мен эки мисалды айта кетейин. Биринчи мыйзам долбоорун, 2018-жылы демилгеледим. Бул пенсия чегерүүдөгү документтерди топтоо, пенсияга чыгууда кыйынчылыктарды жаратып келген. Ошону жеңилдетүү жана жөнөкөйлөтүү боюнча мыйзам долбоорун демилгеледим. Биздин аталар, апалар 30-40 жыл иштеп, анан кийин пенсия курагы келгенде бул кагазыңды алып кел, тиги иштеген жериңди тастыктап кел деп, кээ бирөөлөр 6 айлап, 1 жылдап жүргөндөр да болгон. Райондун аймагында иштесе мейли, кээ бирлери Бишкекте иштегени бар. Нарында иштегени бар, ал эми союз убагында Казакстанда, Россияда, Өзбекстанда ж.б өлкөлөрдө иштегени бар. Суралган документтерди топтоо үчүн жылдап, бир жарым жылдап күткөндөр болгон. Пенсия жашына келип, бирок чыга албай жүргөндөр дагы көп болгон. Биз ошону жеңилдеттик. Соцфондго керектүүбү, зарыл болгон документтерди тийиштүү жактан сурап, өзү эле алып алат. Бул мыйзам иштей баштады. Бүгүн мына пенсионерлер көпчүлүгү ыраазы, абдан жөнөкөй болуп калды деп айтып жатышат. Муну дагы да жөнөкөйлөтөлү деген оюм, пландарым бар. Буйруса сентябрь айы ичинде киргизгенге аракет кылам. Азыркы убакта пенсияга чегерүү боюнча мыйзам толук кандуу иштей баштады.
Экинчиси жаштарды колдоо багытында. Бизде көптөгөн таланттуу балдарыбыз, кыздарыбыз бар, мектепти жакшы окуп бүтүшөт. Бүткөндөн кийин окуйм дешет дээрлик көпчүлүк жогорку окуу жайларда контракт төлөш керек да. Ошол 20-30 миңден 45 миң, алды 500 миңге чейин дагы контракттар бар. Мамлекеттик жогорку окуу жайлар 27 миңден 50 миңге чейин. Каражаттын тартыштыгынан улам көптөгөн мыкты улан-кыздарыбыз билим ала алабай, Россия, дагы башка өлкөлөргө иштегени кетип жатышат. Каражат топтоп келейин кийин окуйм деген изги тилек менен кетишет. Бирок иштеп жүрүп убакыт өтөт, үйлөнөт, жайланат, турмуш куруп кетет. Тилекке каршы ошентип көпчүлүк жаштарыбыз билим ала албай калып жатышат. Ошондуктан окууга дилгир, мыкты балдарды колдоо жана жаштарды өзүбүздө кармап калуу максатында билим берүү жөнүндөү мыйзам долбоорун демилгеледим. Максаты билим берүү үчүн жеңилдетилген насыя берүү. Жеңилдетилген насыя берилсе, ошол окуйм деген бала насыя алып, контрагын жыл сайын төлөп, университти аяктаса. Окуп жатканда 5 жыл аларга жеңилдик берилет. Окууну аяктап, колуна дипломду алгандан кийин жумушка орношуп, кийинки 5 жылдын ичинде төлөп берсе болот. Мындайча айтканда 10 жыл жеңилдик болуп жатат. Бул мыйзам да кабыл алынды, бүгүнкү күндө күчүнө кирди, тилекке каршы толук кандуу иштеп кете албай жатат. Өкмөт менен да иштеп, талап кылып жатабыз. Жоболорун иштеп чыгып, банктар менен, жок дегенде мамлекеттик банктар менен сүйлөшүп жатабыз. Бюджеттен айыл чарбасына субсидия кылып жатпайбы, керек болсо ошондой субсидия кылып туруп бул долбоорду ишке ашырыш керек. Биз адамга, жаштарга, балдарды өстүргөнгө, келечекке инвестиция кылып жатпайбызбызбы, ошон үчүн акчаны аябай беришибиз керек. Бул маселе боюнча талашып, бүгүн дагы талап кылып келе жатабыз. Сентябрь айы ичинде муну кайрадан талап кылып чыгабыз.
Мыйзамдарды кабыл алгандан кийин ошол иштей баштаса, элге пайдасы тийсе өзүң да канааттанат экенсин. Бизде буга чейин парламенттик башкаруу болуп келди, ошондо парламентте кабыл алынган чечимдерди өкмөткө тапшырма берип, алардын аткаруусун да көзөмөлдөйт эле. Ушул жагынан да парламент өзүнчө чоң мектеп, чоң сабак болду деп айтат элем.
- Эң акыркы сурообуз келе жаткан шайлоо боюнча пландарыңыз кандай? Шайлоого катышасызбы, катышсаңыз бир мандаттуу округдан барасызбы же партиялык тизме менен катышасызбы?
- Катышам деген ойлор бар. Дагы бир жолу ачык айтышым керек болгону ойлор бар. Азыр так чечим кабыл ала элекмин. Бир мандаттуудан барамбы же партия менен барамбы ал да белгисиз. Таразага салып, талдап көрүп, андан кийин чечим кабыл алабыз.
- Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Убакыт бөлүп келгениңизге ыракмат. Иштериңизге ийгилик каалайбыз!
Kereez Media