AUCA the best 2

2025-11-01

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Улукбек Марипов Түркияга инвестициялык фонд түзүүнү сунуштады

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын X кеңешмесине катышуу үчүн келген Түркиянын вице-президенти Фуат Октай менен жолугушту.

1226553.d2523b8fe3e16a3c4214830c60514328.jpg

Ал Түркия Кыргызстандын бирден-бир ири соода-экономикалык өнөктөшү экенин айтты. Быйыл эки өлкөнүн дипломатиялык мамилесине 30 жыл толот.

«Кыргызстан менен Түркия стратегиялык өнөктөш, бизди тилибиз, динибиз, бир туугандык жана достук мамилелерге негизделген байыркы тарыхый-маданий байланыштарыбыз бириктирип турат», — деди Улукбек Марипов.

Ал эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү деңгээлин 1 млрд долларга жеткирүү керектигин айтып, орто жана чакан долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестициялык фонд түзүүнү сунуштады.

Мындан тышкары социалдык-гуманитардык тармактагы кызматташтык да  өнүгүп жатканын белгилеп, жакын арада келе турган 150 миң доза вакцина үчүн ыраазычылык билдирди.

Түркиянын вице-президенти Фуат Октай Түркия Кыргызстанга инвестиция тартууга даяр экенин айтты.

Жолугушууда медициналык багыттагы түрк университеттеринде кыргыз студенттерин окутууга квоталардын бөлүнүшү, Түркиянын ооруканаларында акысыз негизде 150 кыргызстандыкты дарылоо үчүн ар жылкы квоталарды берүүнү жаңыртуу, эки өлкө жарандарынын республикалардын аймагында жүрүү мөөнөтүн узартуу, иштөөгө уруксат берүүчү документтердин наркын төмөндөтүү маселелери да талкууланды.

Булак: Марал

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2