AUCA the best 2

2025-11-02

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Сүйүн Өмүрзаков ыкчам-кызматтык ишмердүүлүк боюнча маалымат берди

ИИМдин коллегиясынын отурумунда негизги баяндамасы менен Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал–майору Сүйүн Өмүрзаков чыгып сүйлөп, республиканын ички иштер органдарынын 2021-жылдын 6 айында аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди.

 

“Өзүңүздөр билгендей, Президентибиз келип Ички иштер министрлигинин заманбап координация жүргүзүү боюнча уюштурулган ишмердүүлүгүнө, коомдук коопсуздукту сактоого, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө багытталган иш-чаралар менен таанышты. Эн негизгиси элге кызмат кылуу боюнча алдыга коюлган максаттарды белгилеп, пикир сунуштарды айтып өттү. Ошондуктан, жетекчиден баштап, катардагы кызматкерлерге чейин бүгүнкү күндөгү ар түрдүү кырдаалда жаралган тоскоолдуктарга карабастан Президентибиз тарабынан коюлган бардык тапшырмаларды жана талаптарды, жүктөлгөн милдеттерди аткарып, келечекте дагы жакшы ийгиликтерге жетишүү үчүн бардык аракеттерди жумшашыбыз керек”,- деди Сүйүн Өмүрзаков.
“Негизинен 6 айда Ички иштер министрлиги жана жер-жердеги ички иштер органдары тарабынан бир катар жакшы иштер аткарылды. Алсак, райондордо, анын ичинде алыскы айылдарда жашаган элдин бир тактама алуу үчүн шаардык борборлорго келип, узун кезекке туруп, убара болуусуна бөгөт коюу максатында, Нарын облусунун Жумгал, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу жана Түп, Жалал-Абад облусунун Ноокен, Талас облусунун Талас жана Ош облусунун Араван райондук ички иштер бөлүмдөрүндө “Бирдиктүү терезе” мамлекеттик кызмат көрсөтүү пункттары ачылып, ишке киргизилди. Ошондой эле өздүк курамдын ички тартибине өзгөчө көңүл буруу, мыйзам бузуу, тартип бузууларга жол бербөөнү жана ага ар бир жетекчи жоопкерчиликте экендигин да баса белгиледи.
 
Быйылкы жылдын отчеттук мезгилинде ички иштер органдарында тарабынан өндүрүштө турган жалпы 76 миң 413 кылмыш жана жоруктар катталган. Анын ичинде кылмыштар 43.159, жоруктар 33 миң 254 түзгөн. Отчеттук мезгилде өндүрүштө турган 37 миң 406 кылмыштардын жана жоруктардын ичинен 20 миң 924 кылмыштын бети ачылып, бетин ачуу 55,96 % түздү. Сотко 14 миң 909 иш жөнөтүлүп былтыркы жылга караганда 49,6% көп жөнөтүлгөн. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштердин натыйжасында, 1051 адамдан турган 425 кылмыштуу топтор колго түшүрүлүп, алар тараптан 1083 кылмыш жасалгандыгы аныкталган.
 
Президентибиздин инвесторлорду колдоо, социалдык-экономикалык абалды көтөрүү боюнча Жарлыктардын аткарылышын катуу көзөмөлгө алышыбыз керек. Биз ал жарлыктардын талаптарын аткаруу максатында атайын иш-чараларды белгилегенбиз. Анын алкагында жер-жерлерде инвесторлорго шарт түзүп берүү, ар кандай тартип бузууларга бөгөт коюу жана алдын алуу иштерин колго алуу менен коомдук тартипти сактоо багыттарына өзгөчө көңүл бурушубуз зарыл”,-деп ыкчам-кызматтык ишмердүүлүк боюнча маалымат берди Сүйүн Өмүрзаков.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2