AUCA the best 2

2024-12-27

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Назира Бейшеналиева: Мамлекеттин катачылыктарын бизнес төлөшү керекпи?

Мамлекет менен бизнестин ортосундагы кызматташуу жана түзүлүп жаткан мамиле тууралуу КРдагы Америкалык Соода-сатык палатасынын директорлор кеңешинин төрайымы Назира Бейшеналиева пикир билдирди. 

 

Соңку мезгилде кыргыз бизнеси Экономика жана каржы министрлигинин жеке ишмердүүлүгүнүн ишин жөндөө боюнча талаш жараткан бир канча демилгелерин тынчсыздануу менен кабылдоодо. Мында белгилеп кетчү нерсе, жөнгө салуу саясаты мамлекеттин экономиканы башкаруу жана калктын бейкапар турмушуна таасир этүү боюнча кубаттуу куралы болуп эсептелет. Бирок маселе жогоруда саналган өзгөрүүлөрдүн мамлекеттин рыноктук механизмдерине негизсиз аралашкан мүнөзгө ээ болуп, экономиканын экосистемасы менен экономикалык укуктук мамилелер процессинин бузулушуна алып барып жаткандыгында. Мамлекеттик экономикалык саясаттын манипуляциялоонун жана кимдир бирөөнүн саясий амбициясынын предметине айланбашы керектигин эске сала кетмекчибиз.

Пандемиянын глобалдык кесепеттери жана өлкөдөгү саясий толкундоолор жеке ишкерлердин көптөгөн инвестициялык долбоорлорун талкалап, экономиканын айрым секторлорун кыйроонун чегине жеткирди. Мындай кырдаалда жөнгө салуу саясатын терс факторлордун таасир этүүсүн жумшартуу жана жеке ишкерлик активдүүлүктөрдү кубаттоого багыттоо зарыл. Мунун ордуна мамлекеттик жөнгө салуу механизми таптакыр тескери багытта иш алып барып жатканын көрүүдөбүз. Бюджетти салыктарды көбөйтүү жана мекемелерге административдик басымды жогорулатуу жолун издөө милдетин кармануу менен аткаминерлер эффективдүү эмес мамлекеттик мененджменттин кемчиликтерин салык төлөөчүлөрдүн моюнуна жүктөшүүдө.

Министрлер кабинети ата мекендик бизнестин алсыздыгын жана экономикалык кризистин шартында ашыкча мамлекеттик административдик процедуралардын мекемелерге терс таасирин тийгизип, кыйроого алып барып жатканын көрүүнү каалабай жаткан көрүнөт. Бир дагы мамлекеттик мекеме мамлекеттин регулятивдик саясатынын анализин, мекемелердин ишмердүүлүгүнө нормативдик актылардын тийгизген таасирин баалоону коомчулуктун назарына койгон жок. Чынында дал ушундай иштер экономикалык кризистин шартында мамлекеттик жөнгө салууну жакшыртуу боюнча мамлекеттин системалык ишинин көрсөткүчү болуп саналат.

Мамлекеттик органдардын демилгелери көп учурда бизнеске бир жактуу административдик басымды жогорулатууга, милдеттүү процедураларды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтерди күчөтүүгө багытталган. Ошол эле учурда мамлекеттик органдар чара көрбөгөндүгү, зыян келтиргендиги, кызмат абалынан пайдалангандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүүгө шашкан жок. Мисалы, Өкмөт сунуштаган экономикадагы өзгөчө кырдаал жөнүндө мыйзамдан мамлекеттик регулятивдик саясаттын каталары жана кыйроолору үчүн жеке ишкерликтин субъектилери жооптуу болот деген тыянак чыгарса болот. Анткени мамлекеттик карыздын деңгээлинин өсүшү, салыктардын азайышы, чет өлкөлөр менен соода-сатыктын төмөндөшү, инвестициялык капиталдын начарлашы мамлекеттин начар саясатынын жыйынтыгы жана жеке административдик органдардын күнөөсү.

Кыйроонун жыйынтыктарын жеке ишкерлер менен салык төлөөчүлөрдүн салык жоопкерчилигин өзгөртүү жолу менен жоготуу сунушталууда. Бирок кыйроого эффективдүү эмес администрациялоо, административдик органдарга жүктөлгөн милдеттерди канааттандыраарлык эмес ишке ашыруу себеп болгон. Өзгөчө кырдаал жөнүндө министрлер кабинетинин мыйзам долбоору өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалдын туруктуулугуна чоң коркунуч туудурган акыркы эмес долбоор болуп саналат деп ойлойм. Жарандардын татыктуу жашоосуна карата конституциялык укугунун гаранты болгон президентке өлкө тандап алган өнүгүү багыты үчүн чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Өлкө башчысынан мамлекеттик регулятивдик саясаттын сапаты жана натыйжалуулугун камсыздоону жеке көзөмөлүнө алуу талап кылынат. Экономиканы жөнгө салган мыйзамдарды иштеп чыгууда далилдөө базасы жок шашылыш демилгелерге таянууга болбойт. Аларды кылдат анализдөөнүн (мурдагы мыйзамдардын ишке ашуусун баалоо, буга чейинки мамлекеттик саясат менен программалардын кыйроолорун эске алуу) жыйынтыгында гана кабыл алып, кол коюу керек.

Мамлекеттик органдар менен бизнестин ортосундагы жөнгө салуунун сапаты жана административдик-укуктук мамилелердин тең салмактуулугу  быйыл эле козголуп жаткан жок. Регулятивдик саясатынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу тиешелүү органдарынын өз ишин так билүүсүн жана президенттин саясий эркинин болуусун талап кылат. Мындай маселени ишке ашыруу үчүн төмөнкү багыттарды бөлүп кароого болот: мамлекеттик регулятивдик саясатынын монополиясын акырындык менен жеке ишкерлердин бирикмелерин квазиж жөнгө салууга алмаштыруу, мамлекеттик саясатчылардын көрсөткүчтөрүн баалоо жолдорун ишке ашыруу, административдик процедураларды азайтуу, мамлекет тарабынан негизсиз аралашууларга тыюу салуу, мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу процессине аналитикалык колдоо көргөзүү.

Ошондой эле, мамлекеттик регулятивдик саясатты жакшыртуу үчүн Өкмөт аталган саясатка жооптуу органды аныктоосу жана ишенип тапшырылган милдеттерди аткарбагандыгы үчүн чара көрүү системасын киргизүүсү кажет. Бүгүнкү күнгө карата жеке ишкерлик ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча системалык иштер алып барылбайт жана бул мамлекеттик менеджменттин чоң кемчилиги жана кыйроосу болуп саналат.

Сапаттуу жөнгө салууга жетишүүнүн маанилүү милдети болуп прокуратура органдары тарабынан антикоррупциялык экспертиза саналат. Акыркы конституциялык өзгөрүүлөр өлкөдө көзөмөлдөөчү органга бир топ актуалдуу укуктук талааны түзүү жана мыйзамдарды өзгөртүүгө жол берген укуктук базаны түздү. Мыйзам чыгаруу процессинин чабалдыгын, паракорчулук факторлорду эске алсак, аларды антикоррупциялык экспертизадан өткөрүүнү камсыздоо абдан маанилүү. Бул паракорчулуктун укуктук негиздерин, актуалдуу эмес административдик милдеттенмелерди жана башка кемчиликтерди өз убагында жокко чыгарууга шарт түзөт. Прокуратура органдары тарабынан өткөрүлгөн учурдагы нормативдик укуктук актыларга карата экспертиза паракорчулукка каршы мыйзам чыгаруу циклинин сапатын жакшыртууга  жөндөмдүү.

Конституцияга ылайык, мамлекеттик бийлик жүргүзүлүп жаткан саясатына жоопкерчиликтүү. Андыктан кетирилген каталардын кесепеттеринин жоопкерчилигин бизнес менен салык төлөөчүлөргө жүктөө жол берилгис нерсе. Кыйроолор үчүн жоопкерчиликти административдик органдар тартышы керек. Эгемендүүлүк жылдарында бийлик органдары өлкөнүн стратегиялык жана операциялык укуктук актыларынын жыйынтыктуулугун баалоо системасын жолго коё алышпады. Бул начар мамлекеттик жөнгө салуу саясатын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашырууга жооптуу органдарынын начар аналитикалык ишмердүүлүгүнөн кабар берет. Муну кечээ жасаш керек эле, бирок эртеңге калтырбастан, азыр баштоо - максатка ылайык болот.

Назира Бейшеналиева

Интервью

 

Жаңылыктар

«Атбашы» соода-логистикалык борборунун курулушунун биринчи этабы аяктады

Түрк дүйнөсүнүн экономикасындагы аялдардын орду талкууланды

Түрк дүйнөсүнүн экономикасын өнүктүрүүдөгү аялдардын ролу талкууланды

Женщины тюркского мира объединяются для экономического прорыва

e-com EXPO: Открой мир возможностей электронной коммерции

Как субботники меняют мышление Кыргызстана. Интервью с Айжан Чыныбаевой

Какие изменения произошли в Американской торговой палате в Кыргызстане

Назира Бейшеналиеванын алты жылдагы алгылыктуу иштери

Ысык-Көлдө КМШнын жаш тескөөчүлөрүнүн сынагы болуп жатат

Мейкерспейс АУЦА – новое пространство для учёбы и творчества

БААУнун багыт алуу программасы - уникалдуу мүмкүнчүлүк

БААУнун президенти Тимоти О'Коннор жаңы окуу жылы менен куттуктады

БААУ: магистрдик билим ал (программалар)

Абай Бекбоев: “Кыргыз боксунда ийгиликтер арбын”

Кыргызстандык окуучулар бүткүл россиялык сынактын лауреаты аталды

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2