2025-05-12
Түрмөк
Бишкектеги №56 мектеп коронавируска байланыштуу жабылды

Бишкектеги №56 мектеп коронавируска байланыштуу карантинге жабылды. Бул тууралуу вице-мэр Виктория Мозгачева брифингде билдирди.
Сокулукта аялынын өлүмүнө шектелип күйөөсү кармалды

Сокулук районунда аялынын өлүмүнө шектелип күйөөсү кармалды, - деп билдирет Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы.
Кыргызстандык ишкерлер Дубайдагы бизнес-форумга катышат

Бүгүн, 13-декабрда Дубайдагы ЭКСПО-2020 көргөзмөсүнүн алкагында «Кыргызстан-Бириккен Араб Эмираттары» бизнес-форуму өз ишин баштайт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы билдирди.
«Ала-Тоо» аянтын жана балатыны жасалгалоого 5,6 млн сом жумшалат

Бишкектин «Ала-Тоо» аянтын жана балатыны жаңы жылдык жасалгалоого 5 миллион 600 миң сомдон ашык каражат жумшалат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
UFC чемпиону Валентина Шевченко ОшМУга барды

UFC уюмунун аялдар арасындагы эң жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко бүгүн, 13-декабрда ОшМУда жаштар менен жолугушту. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирет.
«Акыркы көч» тасмасы дагы бир эл аралык фестивалга катышат

«Акыркы көч» тасмасы «Москва премьерасы» III эл аралык кинофестивалына катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Мээрим Жуманазарова Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын лауреаты болду

Кечээ, 12-декабрда Улуттук адабият күнүнө карата Чынгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы тапшырылды.
Бир мандаттуу 19 шайлоо округу боюнча ЖК депуттарын шайлоонун жыйынтыгы аныкталды

Борбордук шайлоо комиссиянын кечээ, 12-декабрдагы жыйынында бир мандаттуу 19 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы аныкталды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Бириккен Араб Эмиратына жумушчу сапары менен барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмиратына жумушчу сапары менен барат.
Казакстан Кыргызстанга миң автобус насыяга берет

Казакстан Кыргызстанга 7 пайыздык насыя менен миң автобус берет. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Акылбек Жапаров: Казакстан Камбар-Ата 1 ГЭСин бирге курууга кызыкдар

Казакстан Камбар-Ата 1 ГЭСин курууга кызыкдар. 17-декабрь күнү казак өкүлдөрү Кыргызстанга келип, долбоорду ишке ашыруудагы шарттар менен таанышат.
Кыргызстанда койлорго электрондук «чип» тагыла баштады

Кыргызстанда койлорго электрондук «чип» тагыла баштады, бул койлорго аралыктан идентификациялоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн дүйнө жүзү Кыргызстандын демилгеси менен бекитилген Эл аралык тоолор күнүн белгилейт

Бүгүн, 11-декабрда дүйнө жүзү Кыргыз Республикасынын демилгеси менен 2003-жылдын 30-январында БУУнун Башкы ассамблеясынын 57-сессиясында бекитилген Эл аралык тоолор күнүн белгилейт. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Бишкекте милиция кызматкерлерине иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча сабак өткөрүлдү

Бишкек шаарынын милиция кызматкерлерине ички иштер органдарында иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча сабак өткөрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Бишкекте кыргыз футболунун 100 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өттү

Президент Садыр Жапаров кечээ, 10-декабрда кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы Кыргызстандагы футболдун 100 жылдык өнүгүү мезгилин чагылдырган архивдик сүрөттөр камтылган фотокөргөзмө менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.
Садыр Жапаров ЖЕЭКтин видеоконференция форматындагы жыйынында сөз сүйлөдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-декабрда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) үстүбүздөгү жылдагы жыйынтыктоочу видеоконференция форматындагы жыйынына катышууда.
Научный сотрудник посольства США Райан Шмеддинг: «Воздух над Бишкеком медленно, но улучшается»

2 декабря в онлайн-формате прошла гостевая лекция научного сотрудника посольства США Райана Шмеддинга, организованная Центром изучения окружающей среды и развития (ЦОР) АУЦА, Альянсом вузов КР за зеленую экономику и устойчивое развитие (АВЗУР) совместно с посольством США в КР.
Бажычылар коррупцияга каршы флешмоб өткөрдү

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери «Биз коррупцияга каршыбыз!» аталышында флешмоб уюштурду. Ал 9-декабрь Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата өткөн.
ПЦР тесттин жарамдуулугу 72 сааттан 48 саатка чейин кыскартылат

Саламаттыкты сактоо министрлигине мамлекеттик чек араны кесип өткөндөрдүн ПЦР тесттен өтүү убактысын 72 сааттан 48 саатка чейин кыскартуу маселесин кароо тапшырылды.
Бишкекте көп тармактуу клиникалык балдар ооруканасы ачылды

Бишкекте 150 койка-орундукка эсептелген көп тармактуу клиникалык балдар ооруканасы ачылды. Иш-чарага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.
Айсулуу Тыныбекова Баткен облусуна барып, жаш балдарга мастер-класс өтөт

Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси, эркин күрөш боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова 11-12-декабрь күндөрү Баткен облусуна барат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.
Кыргызстанда адабият жумалыгы башталды

2021-жылдын 10-15-декабрь күндөрү адабият жумалыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.
Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров УКМКнын тергөө абагынан бошотулду

Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-декабрда депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду камактан бошотту.
Талас облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын тергөөчүсү опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын тергөөчүсү опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.
Бишкекте республикалык "Сайма чемпионаты — 2021" сынагы өткөрүлөт

Бишкекте республикалык "Сайма чемпионаты — 2021" сынагы өткөрүлөт. Бул тууралуу "Кийиз дүйнө" коомдук фондунан кабарлашты.
"Барселона" 21 жылдан бери биринчи жолу Чемпиондор лигасында тайпадан чыкпай калды

Испаниялык "Барселона" 21 жылдан бери биринчи ирет УЕФАнын Чемпиондор лигасы мелдешинин тайпалык турунан чыга албай калды. Бул тууралуу Eurosport маалымат булагы жазды.
COVID 66 кишиден табылып, эки бейтап көз жумду

Өткөн суткада 66 бейтаптан коронавирус табылып, 74 адам айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Акылбек Жапаров Казакстандын президенти менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нур-Султан шаарына жумушчу сапарынын алкагында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен кездешти.
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев италиялык кесиптеши менен кызматташтыкты талкуулады

Кечээ, 8-декабрда Ташкент шаарында «Борбордук Азия + Италия Республикасы» министрлеринин жолугушуусуна катышуунун алкагында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Италия Республикасынын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Луиджи Ди Майо менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.