2024-12-24
Түрмөк
Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров УКМКнын тергөө абагынан бошотулду
Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-декабрда депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду камактан бошотту.
Бул тууралуу соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.
«Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун 9-декабрдагы чечими менен А.Ш.Жээнбековго жана З.Т.Зулпукаровго карата мурда колдонулган баш коргоо чарасы жокко чыгарылып, алар сот залынан бошотулду», — деп айтылат маалыматта.
Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров ушул жылдын 31-майында «Кумтөр» ишине байланыштуу камакка алынган.
8-декабрда Жогорку Кеңеш Жээнбеков менен Зулпукаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү же баш тартуу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусун карады.
Комиссия депутаттарды жоопко тартууда мыйзам бузулган деп эсептей турганын билдирди. Талкуунун жыйынтыгында парламент Жээнбеков менен Зулпукаровду жоопко тартууга уруксат берген эмес.