AUCA the best 2

2024-04-30

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев италиялык кесиптеши менен кызматташтыкты талкуулады

Кечээ, 8-декабрда Ташкент шаарында «Борбордук Азия + Италия Республикасы» министрлеринин жолугушуусуна катышуунун алкагында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Италия Республикасынын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Луиджи Ди Майо менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

photo_2021-12-09_11-27-05.730x400.jpg

Жолугушууда тышкы иштер министрликтеринин башчылары тыгыз байланышты түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешип, Кыргызстандын «ВСП+» макамын эске алуу менен Италия менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө жана бекемдөөгө өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти. Бул контекстте Бишкек шаарында өткөн кыргыз-италиялык бизнес-форумду канааттануу менен белгилеп, италиялык инвестицияларды Кыргызстанга тартууга кошумча түрткү берүүчү өлкөнүн экономикалык жана туристтик дарамети боюнча өлкөлүк презентациясын уюштурууну пландаштырышты.

Тараптар министр Р.Казакбаевдин Рим шаарына болгон иш-сапарынын жыйынтыгында кыргыз-италиялык инвестициялык фондду түзүү жана Италиянын Бишкекте Элчилигин ачуу боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту жана 2022-жылдын биринчи жарымында КР президенти Садыр Жапаровдун Италияга иш-сапарын жана Италиянын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Луиджи Ди Майонун Кыргызстанга иш- сапарын уюштурууга даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушууда эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери өлкөлөр ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүгө бекем ниеттерин билдиришип, тараптардын кароосундагы макулдашуулар боюнча бардык жол-жоболорду тез арада аяктоо боюнча макулдашуу жетишилди.

Аймактык коопсуздук контекстинде Афганистандагы кырдаал боюнча конструктивдүү пикир алмашуу болуп, афган элине гуманитардык жана башка жардам көрсөтүүдө биргелешкен кызматташуунун маанилүүлүгү белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык жараткан багыттарды бекемдөө жана диверсификациялоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2