AUCA the best 2

2025-12-15

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Кыргызстанда адабият жумалыгы башталды

2021-жылдын 10-15-декабрь күндөрү адабият жумалыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

ab8525c170250e9b.jpg

Жумалыкты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, ЮСАИДдин “Окуу керемет” долбоору жана К. Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасы өткөрүүдө.

Иш-чаранын максаты – Кыргызстандын улуттук адабиятын өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча коомдун көңүл буруусун, балдарды жана жаштарды китепке болгон кызыгуусун жогорулатуу болуп саналат.

Майрамдык адабият жумалыгына арналган иш-чаралар Кыргызстандагы Улуттук, Республикалык, облустук, райондук, шаардык, жана айылдык китепканаларында өткөрүлөт.

Бишкек шаарында 10-декабрда саат 11:30да Ч. Айтматовдун айкелинин алдына гүл коюу аземи уюштурулат жана “Айтматовду окуйбуз” аталышындагы флешмоб өткөрүлөт.

К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында саат 12:00дөн 16:00 чейин мектеп окуучулары, студенттер жана шаар тургундары үчүн майрамга арналган чоң иш-чара өткөрүлөт.

Иш-чаранын алкагында китеп көргөзмөлөр, акын-жазуучулар менен кездешүүлөр жана ар түрдүү аянтчалар окурмандарга тартууланат.

Алар: Жылдыздар аянтчасы, Театр, кино аянтчалар, Чыгармачылык, оюн-зоок аянтчалары, Техникалык (Мейкр спейс), музыкалык аянтчалар. Кенже балдар үчүн “Рабаят” куурчак театрынын спектакли көргөзүлөт. Конкурс, викторина, мастер-класстарга катышкан балдарды белектер күтөт.

“Айтаматовду окуйбуз” акциясы уюштурулуп, Ч. Айтматовдун, А. Осмоновдун, кыргыз акын жазуучуларынын чыгармалары боюнча көркөм окуу өткөрүлөт. Китептердин бет ачарлары, белгилүү акын-жазуучулар балдарга өз чыгармаларын окуп беришет.

Нарын, Баткен, Бишкек шаардык китепканалары “Окурман автобус”, “Окурман троллейбус” акцияларын өткөрүшөт. Бардык региондордун китепканаларында адабий кечелер, көркөм окуулар, конференциялар, тегерек столдор, балдар үчүн викторина, сынактар, оюн-зооктор уюштурулат.

Ч. Айтматовдун жана классик жазуучулардын эстеликтерине гүл коюлат.

Интервью

 

Жаңылыктар

Ташкенттеги конгрессте Усман ибн Аффандын Кураны көрсөтүлдү

БА өлкөлөрү жана Азербайжан медиа багытында кызматташат

Айтматов цивилизациялардын өз ара түшүнүшүүсү жөнүндө жазган - Иманалиев

Биримдик менен гана улуттун иденттүүлүгүн сактап калабыз - Иманалиев

Ташкентте алты мамлекеттин башын бириктирген конгресс башталды

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2