2024-12-24
Кыргызстанга 9 айда чет элдик инвестициянын келүүсү 26,4%га өстү
Мамлекетке түз түшкөн чет өлкөлүк инвестициялардын агымы 2021-жылдын январь-сентябрь айларында 503 млн доллардан ашып, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26,4%га көбүрөөк болгон. Улуттук статистика комитети билдирди.
Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамы өзгөртүлдү
Садыр Жапаров президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамын бекитүү жөнүндө Жарлыкка кол койду.
Ысык-Көлдө турак үй өрттөнүп, бир адам каза тапты
Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынан турак үй өрттөнүп, бир адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек мэриясы жаңы жылдык корпоративдик кечелерден баш тартты
Бишкек шаарынын мэриясы өзүнө караштуу түзүмдөрү менен бирге бул жылы жаңы жылдык корпоративдерден кайрымдуулук пайдасына баш тартууну чечти.
COVID-19га каршы эмдөө сертификатын саткандар жазаланат
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирус инфекциясына каршы вакцинация боюнча кампаниянын жүрүшүнө жооптуу болгон бардык адистердин катышуусунда ыкчам жыйын өткөрдү, анда ЖМКлардагы COVID-19га каршы эмдөө сертификатын сатуу боюнча журналисттик иликтөөнүн жарыяланышы талкууланды.
Балдар жана карылар үйүнүн тамагына бөлүнгөн акча эки эсе көбөйөт
Президент Садыр Жапаров «Социалдык чөйрөнүн айрым мекемелеринде тамактанууга чыгымдардын акчалай ченемдерин көтөрүү жөнүндө» жарлыкка кол койду.
"Түндүк электр" 5,6 миңден ашуун абоненттин жарыгын өчүрөт
Эртең, 7-декабрда, "Түндүк электр" ишканасы электр энергиясына карызы бар 5,6 миңден ашуун абоненттин жарыгын аралыктан өчүрөт. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында айтылды.