Акылбек Жапаров: Казакстан Камбар-Ата 1 ГЭСин бирге курууга кызыкдар

Казакстан Камбар-Ата 1 ГЭСин курууга кызыкдар. 17-декабрь күнү казак өкүлдөрү Кыргызстанга келип, долбоорду ишке ашыруудагы шарттар менен таанышат.
Кыргызстанда койлорго электрондук «чип» тагыла баштады

Кыргызстанда койлорго электрондук «чип» тагыла баштады, бул койлорго аралыктан идентификациялоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн дүйнө жүзү Кыргызстандын демилгеси менен бекитилген Эл аралык тоолор күнүн белгилейт

Бүгүн, 11-декабрда дүйнө жүзү Кыргыз Республикасынын демилгеси менен 2003-жылдын 30-январында БУУнун Башкы ассамблеясынын 57-сессиясында бекитилген Эл аралык тоолор күнүн белгилейт. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Бишкекте милиция кызматкерлерине иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча сабак өткөрүлдү

Бишкек шаарынын милиция кызматкерлерине ички иштер органдарында иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча сабак өткөрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Бишкекте кыргыз футболунун 100 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өттү

Президент Садыр Жапаров кечээ, 10-декабрда кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы Кыргызстандагы футболдун 100 жылдык өнүгүү мезгилин чагылдырган архивдик сүрөттөр камтылган фотокөргөзмө менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.
Приемная кампания в TSI началась
Садыр Жапаров ЖЕЭКтин видеоконференция форматындагы жыйынында сөз сүйлөдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-декабрда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) үстүбүздөгү жылдагы жыйынтыктоочу видеоконференция форматындагы жыйынына катышууда.






