AUCA the best 2

2025-10-27

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Бишкекте акын Эгемберди Эрматовдун 70 жылдыгы белгиленди

Бишкектеги Абдылас Мадыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында 15-декабрда Кыргыз Республикасынын эл акыны Эгемберди Эрматовдун 70 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

266359928_212547541037010_5071826535592423958_n.730x400.jpg266359928_212547541037010_5071826535592423958_n.730x400.jpg

Иш-чарага маданият министринин орун басары Салтанат Аманова, акындын санаалаштары жана жакындары катышты.

Эгемберди Эрматов Кадамжай районундагы Пум айылында 1951-жылы 10-июлда туулган.

Орто мектепти Кызыл-Кыя шаарындагы мектеп-интернаттан бүтүргөн.

1970–1972-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

1970-жылы Ош педагогикалык окуу жайын, 1979-жылы Москвадагы М.Горький атындагы адабият институтун бүтүргөн.

Э. Эрматов «Кыргыз руху» гезитинде, «Мурас», «Тулпар» журналдарында иштеген.

Чыгармалары 1970-жылдан тарта басма сөздө жарыяланып, биринчи ырлар жыйнагы «Ак дил» деген ат менен 1979-жылы басылып чыккан. Акын «Шаар жана тоолук», «Өмүр издери», «Туяктын ыры», «Саймалуу таш», «Махабат», «Исфайрам авазы» аттуу ыр китептердин, «Мухаммед пайгамбар» деген дастандын, «Аксаткын менен Кулмырза» драмасынын автору. Чыгыш акындарынын көбүн кыргыз тилине которгон.

1984-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын эл акыны.

2009-жылга чейин Баткен университетинин Кызыл-Кыя шаарындагы педагогикалык институтунда дүйнөлүк адабияттан сабак берген.

2010-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, 2013-жылдын 29-апрелинен тартып мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы болуп иштеди.

Эгемберди Эрматов 2017-жылдын 24-январында 66 жашында каза болгон.

266340963_212547574370340_7597678850334208317_n.730x400.jpg

267636138_212548214370276_7611828895264531753_n.730x400.jpg

267797826_212549024370195_9185554607171742112_n.730x400.jpg

268256263_212548824370215_7455916437848864037_n.730x400.jpg

 

Интервью

 

Жаңылыктар

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

Вступительный экзамен в мае

Кабыл алуу сынактары май айында болот

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2