АКШ Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобу жөнүндө маалымат бергендерге миллион доллар сунуш кылды

Америка Кошмо Штаттары адам өлтүрүү боюнча соттолгон трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун лидери Камчыбек Көлбаевдин бошотулушунан терең тынчсызданууда. АКШнын Мамлекеттик департаменти бул кылмыштуу баңги зат таркатуу тармагын бузууга жардам берген маалымат үчүн миллион долларга чейин сыйлык сунуштайт. Бул тууралуу Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.
Өкмөт 100 миң сомго чейин берилген насыялардын пайыздык ченин төлөдү

«Кыргыз Республикасынын финансы-кредит мекемелеринен насыя алган насыя алуучуларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын декабрь айында кабыл алынган токтомунун алкагында, 385 870 насыя алуучуга 100 миң сомго чейин берилген насыялар боюнча пайыздык төлөмдөрдү төлөө үчүн 286 383,2 миң сом субсидияланды.
Оштун борбордук аянтында Мамлекеттик туу күнү белгиленди

Бүгүн, 3-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында Мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 29 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара өттү.
ЖКнын комитети референдумду 11-апрелге дайындоону жактырды

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумду 11-апрелге дайындоону жактырды.
Жогорку Кеңештин комитетинде референдумду 11-апрелге дайындоо сунушталды

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин отурумунда Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумду 11-апрелге дайындоо сунушталды.
Жапаров жана Токаев биргелешкен билдирүү жасашты

Кыргызстан менен Казакстандын президенттери Садыр Жапаров жана Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 2-мартта, Нур-Султан шаарында болуп өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү жасашты.
УКМК: Финполдогу чиновник 8 айда 60 млрд сомду сыртка алып чыгып кеткен

Коррупция фактысы боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (Финпол) башкармалыгынын башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.






